Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы № 796 токтомуна)
Кесиптик жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмунун ТИПТҮҮ УСТАВЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Кесиптик жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмунун типтүү уставы (мындан ары - Типтүү устав) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана кесиптик жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын (мындан ары - билим берүү уюму) ишин жөнгө салат. Типтүү устав ички иштер, тышкы иштер, коргоо, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кесиптик жогорку билим берүүнүн адистештирилген мамлекеттик билим берүү уюмдарына жайылтылбайт. Ички иштер, тышкы иштер, коргоо, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кесиптик жогорку билим берүүнүн адистештирилген мамлекеттик билим берүү уюмдарынын уставы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.
2. Билим берүү уюмунун уставы ушул Типтүү уставдын негизинде иштелип чыгат жана уюштуруучу (уюштуруучулар) тарабынан бекитилет. Билим берүү уюмунун уставы ушул Типтүү уставга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка жоболорду да камтышы мүмкүн.
Ушул Типтүү устав кесиптик жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүүнүн мамлекеттик эмес билим берүү уюмдары тарабынан уставды иштеп чыгууда жана бекитүүдө үлгү катары колдонулушу мүмкүн.
3. Билим берүү уюму өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Билим берүү жөнүндө", "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, билим берүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйруктарын, уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечимдерин, ошондой эле ушул Типтүү уставды жетекчиликке алат.
4. Билим берүү уюму жалпы билим берүү, кесиптик жана кошумча билим берүү программаларын, ошондой эле илимий-изилдөө жана өндүрүштүк ишти жүзөгө ашырат.
5. Билим берүү уюмунун аталышы төмөнкүлөрдү камтыйт:
- билим берүү уюмунун мамлекеттик тилдеги толук аталышын:
____________________________________________________________,
- билим берүү уюмунун мамлекеттик тилдеги кыскартылган аталышын:
_____________________________________________________________;
- билим берүү уюмунун расмий тилдеги толук аталышын:
_____________________________________________________________;
- билим берүү уюмунун расмий тилдеги кыскартылган аталышын:
_____________________________________________________________.
6. Билим берүү уюмунун юридикалык дареги: _______________________
______________________________________________________________.
7. Билим берүү уюмунун уюштуруучусу (уюштуруучулары) ____________
______________________________________________________________.
8. Юридикалык жак статусуна ээ билим берүү уюмунун өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн банктык жана кредиттик мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы алыш-бериш эсептери бар, ошондой эле:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы менен мөөрү бар;
- өзүнүн атрибутикасына жана анын тарыхын чагылдырган символикасына укукка ээ, өзүнүн логотибин пайдаланат;
- ыкчам башкаруу укугунда ага бекитилип берилген мамлекеттик менчиктин базасында өз функцияларын жүзөгө ашырат;
- юридикалык жактар укугунда иштеген анын бардык бөлүмдөрүн кошкондо, бирдиктүү окуу-илимий-өндүрүштүк комплекс катары иштейт.
2-глава. Билим берүү уюмунун укуктары жана милдеттери
9. Билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана анын уставына ылайык билим берүү жана башка ишти колдоо жана өнүктүрүү үчүн билим берүү, административдик, финансылык-экономикалык ишти өз алдынча жүзөгө ашыруу, башкаруу, анын ичинде адам ресурстарын жана активдерди башкаруу маселелеринде башкаруу чечимдерин кабыл алуу, бюджеттик жана атайын каражаттарды тескөө укугуна ээ.
Билим берүү уюму баалоо системасын, билим берүү процессинин методикаларын жана билим берүү технологияларын, анын ичинде аралыктан билим берүү технологияларын өз алдынча тандайт.
10. Билим берүү процессин уюштурууда билим берүү уюму окутуу каражаты катары эки же андан ашык тилди пайдалана алат.
11. Билим берүү уюму юридикалык жактын же филиалдын статусу менен түзүмдүк бөлүмдөрдү түзүүгө, аларга обочолонгон мүлк берүүгө укуктуу. Түзүмдүк бөлүмдөр филиалдарды жана башка бөлүмдөрдү түзүүгө укуктуу эмес.
12. Кесиптик орто жана кесиптик жогорку билим берүү программаларынын алкагында бир багыт же адистик боюнча студенттерди окутуу, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо үчүн кайталанган түзүмдүк бөлүмдөрдү (институттарды, борборлорду, факультеттерди ж.б.) түзүүгө жол берилбейт.
13. Билим берүү уюмунда саясий жана диний партияларды жана уюмдарды түзүүгө тыюу салынат. Билим берүү уюмунда билим алуучулардын жана педагогикалык кызматкерлердин арасында саясий жана диний пропаганда жана үгүттөө жүргүзүүгө жол берилбейт.
14. Билим берүү уюму окутуунун гибриддик методун колдонууга укуктуу, мында педагог менен билим алуучунун түздөн-түз байланышы аркылуу окутуунун салттуу методу онлайн-окутуу методу менен айкалыштырылат.
15. Билим берүү уюму дуалдык окутууну колдонууга укуктуу, мында окутуу билим алуучулардын зарыл болгон билимдерди жана көндүмдөрдү алуусу аркылуу жүзөгө ашырылат, алардын теориялык бөлүгү билим берүү уюмунда, практикалык бөлүгү - билим алуучунун жумуш ордунда жүзөгө ашырылат.
16. Билим берүү уюму билим берүү ишин билим берүүнүн эки же андан көп деңгээлиндеги билим берүү программаларын ишке ашыруучу комплекстүү билим берүү уюму катары жүргүзүүгө укуктуу.
17. Билим берүү уюму коомдук уюмдарды жана бирикмелерди (бирликтерди, академияларды, кесиптик ассоциацияларды, окуу-методикалык бирикмелерди, илимий-методикалык, илимий-техникалык жана башка кеңештерди жана уюмдарды), окуу-өндүрүштүк жана инновациялык бөлүмдөрдү түзө алат.
18. Билим берүү уюму билим берүү уюму жана анын иши жөнүндө маалыматтарды камтыган ачык жана жалпыга жеткиликтүү маалыматтык ресурстарды түзөт.