ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин II-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз № 15- сессиясы
2025-жылдын 28-октябры № 66
Шекер айыл аймагынын Шекер айылынын А.Жакыпбеков көчөсүнүн №4а дарегинде жайгашкан Рыспаев Саматбек Акылбековичке тийиштүү жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жер мамилелерин жөнгө салуу мыйзамынын 13-статьясынын 1.1 пунктуна ылайык макулдук берүү жөнүндө;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шекер айыл аймагынын Шекер айылынын А.Жакыпбеков көчөсүнүн №4а дарегинде жайгашкан Рыспаев Саматбек Акылбековичке тийиштүү, жалпы аянты 1.45 га бактын, түндүк тарабында жайгашкан 0.65га жер тилкеси Рыспаев Саматбек Акылбековичке коммерциялык багытта иш жүргүзүү үчүн макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шекер айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мураталиевага жүктөлсүн.
Төрага |
| К. Э. Иманалиев |