Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-октябрындагы № 44
Сокулук айыл өкмөтүнүн аймагында сүт иштетүүчү кичи ишканага жер тилкесин ижарага берүү жөнүндө
Сокулук айыл аймагынын № 155, №156, №157 контурларында жайгашкан айыл чарбасына жараксыз жер тилкесине жеңил конструкциядагы сүт иштетүүчү кичи цех орнотуу максатында ижарага берүү боюнча, Сокулук айыл өкмөтүнүн жер адиси Т. Есеналиевдин баяндоосун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 571 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 27-беренесине ылайык Сокулук айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук айыл аймагынын № 155, №156, №157 контурларында жайгашкан айыл чарбасына жараксыз жер тилкесине жеңил конструкциядагы сүт иштетүүчү кичи цех орнотуу максатында ижарага берилсин.
2. Сокулук айылдык кеңешинин жер комиссиясы жер тилкесин ижарага берүү тартибине ылайык тиешелүү иштерди жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Р. Иштыбаевке жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жумалиев |