Редакцияот 13.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 13-январы № 3

Кесиптик орто билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмунун типтүү уставын бекитүү жөнүндө

“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.  Кесиптик орто билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмунун типтүү уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.  Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 16-январындагы № 2 (3762) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев