Загрузка документа…
ШАМАЛДУУ-САЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 14-октябрындагы №5
«Шамалдуу-Сай шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин Жобосун бекитип берүү тууралуу»
Шаардык мэриянын 10.10.2025-жылдагы “Шамалдуу-Сай шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин Жобосун бекитип берүү тууралуу” № 01-17/2843 сандуу кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Чаргынованын маалыматын угуп жана талкуулап, Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин II чакырылышынын кезексиз 11- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 10.10.2025-жылдагы “Шамалдуу-Сай шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин Жобосун бекитип берүү тууралуу” № 01-17/2843 сандуу кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Чаргынованын маалыматы эске алынсын.
2. Шамалдуу-Сай шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин Жобосу кошумча алымчалары менен бекитилсин. /Жобо тиркелет/.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн сунуштоо жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (А.Уметбеков) милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (С. Чаргынова) жүктөлсүн.
Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
З.А. Сатаров |