Загрузка документа…
| БЕКИТИЛДИ Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кеңешинин II чакырылышынын 14.10.2025-жылдагы кезексиз 11-сессиясынын № 5 токтому |
Шамалдуу-Сай шаардык мэриясынын алдындагы
Муниципалдык менчик департаменти жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. "Шамалдуу-Сай шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаменти", мындан ары "Департамент" деп аталуучу, Шамалдуу-Сай шаарында муниципалдык менчик объекттерди, шаардын инфраструктурасы, калкты тейлөө (жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, парктардын, спорттук курулмалардын жана эс алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу, калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу, жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу) жерлерди башкаруу жана тескөөгө алуу боюнча Шамалдуу-Сай шаардык мэриясынын ыйгарым укугун ишке ашыруу максатында, Шамалдуу-Сай шаардык мэриясынын түзүмүнө кирүүчү ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.
2. Департамент - "Мекеме" деген уюштуруу-укуктук формадагы юридикалык жак болуп саналат, банктык мекемелерде өз алдынча балансы, бюджеттик эсептешүү счеттору, адистештирилген эсептешүү счеттору, казыначылык органдарда депозиттик счету (Шамалдуу-Сай шаары боюнча КРБ), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мамлекеттик жана расмий тилинде мөөрү, штамптары жана башка кабыл алынган реквизиттери, официалдуу атрибуттары бар, сотто доогер жана жоопкер болуп чыга алат.
3. Департамент өзүнүн ыйгарым укуктук чектеринде Шамалдуу-Сай шаарынын мүлк кызыкчылыктарын көрсөтөт жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, Шамалдуу-Сай шаарынын мэринин токтомдоруна, буйруктарына жана бул жобого ылайык иш жүргүзөт.
4. Департамент Шамалдуу-Сай шаарынын мэриясы тарабынан түзүлөт.
5. Департамент өзүнүн иш-аракетин башкаруунун жана бийликтин башка мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер, ошондой эле башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүү аркылуу ишке ашырат.
6. Өзүнүн иш-аракетин ишке ашыруу маселелер боюнча мамлекеттик жана башка органдар, ошондой эле менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар менен Департаменттин өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына карама-каршы болбогон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишимдик негизде түзүлөт.
7. Департамент белгисиз мөөнөткө түзүлөт.
8. Департаменттин түзүлүшүнө жана анын иш-аракетине тийиштүү жана бул жободо көрсөтүлбөгөн бардык маселелер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат. Департамент башка юридикалык жактарды түзүүдө жана алардын иш-аракетине Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык гана катыша алат.
9. Департаменттин расмий аталышы:
- кыргыз тилинде: "Шамалдуу-Сай шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаменти".
- орус тилинде: "Департамент муниципальной собственности при мэрии города Шамалдуу-Сай".
10. Департаменттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, 721408 Шамалдуу-Сай шаары, Ленин көчөсү, 29.
11. Департаменттин компетенциясынын чектеринде кабыл алынган чечимдер, тескөөлөр жана буйруктар Шамалдуу-Сай шаарынын аткаруу бийлигинин бардык органдары, менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү.
12. Департамент өзүнүн иш-аракетинде Шамалдуу-Сай шаардык мэриясына отчет берет.
13. Шамалдуу-Сай шаардык мэриясы Департаменттин иш-аракетин контролдоону жүзөгө ашырат.
14. Шамалдуу-Сай шаардык кеңеш муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду жүзөгө ашырат.
2. Негизги милдеттер жана функциялар
16. Департаменттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
а) Шамалдуу-Сай шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү: (социалдык объектилерди, турак жай жана турак жай эмес объектилер, калкты тейлөөдөгү инженердик курулмалар, коомдук жайлар, инфраструктуралар жана жер ресурстарын) белгиленген тартипте натыйжалуу башкаруу жана тескөө;
б) Менчиктин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактар тарабынан өзүнүн ыйгарым укуктарынын жана жарандык-укуктук мамилелердин чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Шамалдуу-Сай шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик-укуктук актыларынын негизинде Шамалдуу-Сай шаарынын кыймылсыз мүлктүн жана башка менчиктин объекттерин менчиктештирүү чөйрөсүндөгү саясатын ишке ашыруу;
г) Шаардык жер саясатты, анын ичинде, шаардык жерлерди, жер үчүн акынын өлчөмдөрүн баалоо жана аларды алуу тартибинин методологиясын жана критерийлерин, шаардык жерлерди жогорку натыйжалуу пайдаланууну экономикалык стимулдаштыруу механизмин, экологиялык жактан таза жана рационалдуу, жер пайдалануунун механизмин өзүнө камтыган жер мамилелерин жөнгө салуучу экономикалык-укуктук системаны ишке ашырууну иштеп чыгууда жана камсыз кылууда катышуу;
д) Шамалдуу-Сай шаарында жер участокторуна укуктарды берүү боюнча арыздарды кароо жана жер маселелери боюнча комиссияга тийиштүү материалдарды, анын ичинде, Шамалдуу-Сай шаарында жер участокторуна укуктарды берүү боюнча сатууларды уюштуруу жана жүргүзүү бөлүгү боюнча даярдоо;
е) Жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, парктардын, спорттук курулмалардын жана эс алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу, калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу, жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу.
17. Департаментке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Шамалдуу-Сай шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук-ченемдик актылары тарабынан белгиленген тартипте ал төмөнкүлөрдү аткарат:а) Автоматташтырылган маалыматтык тутумдарды түзүүнү жана коштоону, Шамалдуу-Сай шаарынын менчик объекттерин эсепке алуу боюнча Маалыматтык ресурстарды топтоону жүзөгө ашырат;
б) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигинен Шамалдуу-Сай шаарынын муниципалдык менчигине мүлктү белгиленген тартипте кабыл алууну, ошондой эле Кыргыз Республикасын мыйзамдарында каралган башка учурларда муниципалдык менчикти түзүүнү жүзөгө ашырат;
в) Шамалдуу-Сай шаарынын муниципалдык менчигине тийиштүү болгон кыймылсыз объекттердин реестрин жүргүзүүнү жүзөгө ашырат, Шамалдуу-Сай шаарынын мүлкүнө тийиштүү мамлекеттик каттоо органдарында муниципалдык менчик укуктарды каттоодо Шамалдуу-Сай шаардык мэриясын көрсөтөт;
г) Шамалдуу-Сай шаарынын муниципалдык мүлкүн чарба жүргүзүүдө, оперативдүү башкарууда, мөөнөттүү (убактылуу) кайтарымсыз пайдаланууда бекитүүнү жол-жоболоштурат;
д) муниципалдык жана мамлекеттик мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын чарба жүргүзүүсүндө жана оперативдүү башкаруусунда турган жер участокторду кошо, Шамалдуу-Сай шаарынын муниципалдык мүлкүнүн сакталышын жана багыты боюнча пайдаланышын контролдоону (көзөмөлдөөнү) жүзөгө ашырат;
е) Шамалдуу-Сай шаарынын муниципалдык мүлкүн мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугун, анын ичинде, ижара шартында жана акысыз пайдалануу укугун алган жер участоктор кошо юридикалык жана жеке жактар тарабынан келишимдердин шарттарынын багыты боюнча пайдаланышын жана сакталышын контролдоону (көзөмөлдөөнү) ишке ашырат;
ж) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Шамалдуу-Сай шаардык кеңештин укуктук ченемдик актыларына жана Шамалдуу-Сай шаардык мэриясынын чечимдерине ылайык Шамалдуу-Сай шаарынын муниципалдык мүлкүн тескөөнүн жана пайдалануунун белгиленген тартибин бузгандыгы аныкталган учурда, тийиштүү чараларды көрөт;
з) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Шамалдуу-Сай шаардык кеңештин укуктук ченемдик актыларына жана Шамалдуу-Сай шаардык мэриясынын чечимдерине ылайык Шамалдуу-Сай шаардык мэриясынын кызыкчылыгын көздөп, инвестициялык программаларды иштеп чыгууда, ишке ашырууда жана учетко алууда өзүнүн компетенциясынын чектеринде катыша алат;
и) Шамалдуу-Сай шаарынын мүлкүн, жер участокторун кошо ижарага берүүчү катары чыгат;
й) Мүлктүк мамилелерди жөнгө салууну жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
к) чет өлкөлүк өкүлдүктөр, юридикалык жана жеке жактар менен мамилелерде өзүнүн компетенциясынын чектеринде белгиленген тартипте Шамалдуу-Сай шаарынын кызыкчылыгын көздөйт;
л) Шамалдуу-Сай шаардык кеӊеш тарабынан бекитилген жобого ылайык, Шамалдуу-Сай шаардык мэриясы тарабынан кабыл алынган нормативдик актылардын негизинде Шамалдуу-Сай шаарынын аймагында коомдук транспорттун каттоосун акысыз жана акы алуу менен камсыз кылат;
м) Шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык тазалоо, көчөлөрдү жарыктандыруу, курулуштарды жүргүзүү, көпүрө жана жолдорду куруу, капиталдык оңдоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
н) Шамалдуу-Сай шаардык кеңеши тарабынан бекитүү үчүн Шамалдуу-Сай шаардык мэриясынын тапшырмасы боюнча Шамалдуу-Сай шаарындагы батирлерди менчиктештирүү программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана даярдайт;о) Шамалдуу-Сай шаардык мэриясына Шамалдуу-Сай шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине жана жер участокторуна чектелген буюм укуктарды берүүдөн жана менчиктештирүүдөн каражаттардын шаардын бюджетине түшүү болжолун даярдайт жана берет, бул түшүүлөрдү камсыз кылуу үчүн тийиштүү чараларды көрөт, ошондой эле жогоруда саналган каражаттардын түшүүсүнө контролду жүзөгө ашырат;
п) Шамалдуу-Сай шаарынын турак эмес жайлар фондунун объекттерин сатуу боюнча ишти жүзөгө ашырат, Шамалдуу-Сай шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес жайларды, ошондой эле жер участокторун сатуу жөнүндө сунуштарды колдонуудагы мыйзамдарга ылайык уюштурат жана киргизет;
р) Шамалдуу-Сай шаарынын мүлкүнүн наркын көз карандысыз баалоону жүргүзүү боюнча ишти уюштурат;
с) Шамалдуу-Сай шаарынын муниципалдык менчигинде турган объекттерди менчиктештирүү, башкаруу жана тескөө маселелер боюнча укуктук ченемдик актылардын жана инвестицияларды тартуу долбоорлорду иштеп чыгат. Шамалдуу-Сай шаарынын мүлкүн менчиктештирүү, башкаруу жана тескөө маселелери боюнча тескөөчү документтерди өзүнүн компетенциясынын чектеринде чыгарат;
т) Жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде чет өлкөлүк жактарга акы төлөнүүчү жана акысыз кызматтарды көрсөтөт;
у) Кыргыз Республикасынын аймагында Шамалдуу-Сай шаарынын кызыкчылыктарын жана мүлктүк укуктарын коргоону камсыз кылат;
ф) Муниципалдык мүлктөрдү пайдалануучулар менен болгон ижара мамилелеринде Шамалдуу-Сай шаардык мэриясынын ыйгарым укук органы жана өкүлү болуп саналат;
х) Шамалдуу-Сай шаарында жер участокторуна укуктарды берүү маселелери боюнча чечимдердин (токтомдордун) ижара жана сатуу-сатып алуу келишимдердин долбоорлорун даярдайт;
ц) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилүүчү жер участокторду пайдалануу үчүн ижара акыларды эсептөөнү жүргүзөт;
ч) Юридикалык жана жеке жактардын аларга жер участокторун берүү жөнүндө арыздарын (өтүнүч каттарын) кароо мөөнөтүн бузууларга жол бербөө жана четтетүү боюнча чараларды көрөт;
3. Департаменттин укуктары
18. Департамент төмөнкү укуктарга ээ:
а) өзүнүн компетенциясынын чектеринде Шамалдуу-Сай шаарынын муниципалдык менчигин башкарууга, Шамалдуу-Сай шаарынын жерлерине жана мүлктөрүнө карата келишимдерди, контракттарды жана башка бүтүмдөрдү колдонуудагы мыйзамдарга ылайык түзүүгө;
б) Шамалдуу-Сай шаардык мэриясынын тапшырмасы боюнча мүлктү Шамалдуу-Сай шаарынын ишканаларына жана мекемелерине чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугуна бекитүүгө, ошондой эле мындай жүргүзүүнүн чектерин белгилөөгө;
в) Департаменттин жоопкерчилигинде турган мүлктү камсыздандыруучу коргоону ишке ашырууга багытталган иш-чараларды ишке ашырууга;
г) Шамалдуу-Сай шаарынын муниципалдык мекемелеринин, уюмдардын жана ишканалардын уюштуруу-укуктук формасын түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарын киргизүүгө;
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда резервдик, өндүрүштүк, социалдык өнүктүрүү жана дем берүүчү фонддорун түзүүгө;
е) муниципалдык менчикте турган, анын ичинде юридикалык жана жеке жактарга ижарага берилген турак эмес жайларды, жер участокторун сатуу жөнүндө Шамалдуу-Сай шаардык мэриясынын чечимдерин белгиленген тартипте ишке ашырууга;
е) Шамалдуу-Сай шаардык мэриясынын карамагындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда муниципалдык мүлктүн пайдаланышы жана сакталышы үчүн документациялык мониторинг (ревизияны, инвентаризацияны, аудитти) жүргүзүүнү, ошондой эле Департаменттин реестрине алынган негизги каражаттардын өз убагында кириштөө үчүн контролдоону (көзөмөлдөөнү) жүзөгө ашырууга. Тартип бузуулар болгон учурда мыйзамдарга жана ченемдик-укуктук актыларга ылайык тийиштүү чараларды көрүүгө;
ж) өзүнүн компетенциясынын чектеринде шаардын муниципалдык мүлкүн менчиктештирүү, башкаруу жана тескөө чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын табылган мыйзам бузууларын четтетүү боюнча тийиштүү аракеттерди жүзөгө ашырат, аткаруу органдарынын мыйзамга ылайык келбеген чечимдерин жокко чыгаруу жана күнөөлүү жактарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сотко доо арызын берет, ошондой эле тийиштүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтөт;
з) өзүнүн компетенциясынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык алардын ведомстволук тиешелүүлүгүнө жана менчиктин формасына карабастан бардык жер пайдалануучулар тарабынан жер мыйзамын, анын ичинде жер пайдалануучунун, жайгашкан ордун, берүү шарттарын, берүү мөөнөттөрүн, функционалдык багытын жана берилген жер участоктун аянтынын бөлүгү боюнча бузууларды четтетүү боюнча чара көрүүгө;
и) сот органдарында Шамалдуу-Сай шаардык мэриясынын кызыкчылыктарын көздөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагындагы сот органдарына доолорду, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуунун натыйжасында келтирилген зыяндарды төлөтүү жөнүндө доолорду өзүнүн компетенциясынын чектеринде доолоого;
й) Шамалдуу-Сай шаардык мэриясына жана Шамалдуу-Сай шаардык кеңешке жерлерди багыты боюнча эмес пайдалануу, жер участогун сарамжалдуу пайдаланбоо, жер участокторун жер жөнүндөгү мыйзамдарында, Шамалдуу-Сай шаардык мэриясынын токтомдорунда жана буйруктарында, жер участокторуна укуктар келишимдеринде каралган мөөнөттө пайдаланылбаган учурларда жерлерди толугу менен же анын бөлүгүн алып коюу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
к) ыйгарым укуктуу органдардын алдында жер жөнүндө мыйзамдардын талаптарын, ошондой эле жерлерди пайдалануунун белгиленген режимин бузуу жумуштары менен жүргүзүлүп жаткан өндүрүштүк, жарандык жана башка курулуштарды, объекттерди эксплуатациялоону, агротехникалык жана токой мелиорациялык жумуштарды токтото туруу жөнүндө өтүнүүгө.
л) ички иштер органдарына жер мыйзамдарын бузуучулары табылган учурда, административдик жана жазалоо иш-аракети үчүн көмөк көрсөтүү үчүн кайрылууга.
м) жер участокторун пайдалануу маселелери боюнча жер пайдалануучуларга көрсөтмө берүүгө жана тийиштүү органдарга тартип бузууларды жокко чыгаруу үчүн тийиштүү чараларды колдонуу максатында материалдарды жөнөтүүгө;
н) жер участокторун изилдөө, экспертиза жүргүзүү, текшерүү, жерлерди пайдалануу боюнча иш-чараларды аткарууну текшерүү үчүн адистерди белгиленген тартипте тартууга.
19. Департамент бул жободо көрсөтүлбөгөн жана ага жүктөлгөн функцияларын аткаруу үчүн дагы башка тийиштүү укуктарга ээ.
20. Департамент шаардык бюджеттин каражаттарынын эсебинен Департамент тарабынан түзүлгөн, топтолгон жана сатылып алынган маалымат ресурстарынын жана автоматташтырылган маалымат системаларынын менчик ээси жана кожоюну болуп саналат.
21. Департамент пайдалануучулардын (керектөөчүлөрдүн) чөйрөсүн, маалымат ресурстарын пайдалануу жана таратуу шарттарын, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык чектелген кирүү мүмкүнчүлүгүнүн маалыматынын сакталыш режимдерин аныктайт.
4. Департаменттин жетекчилиги жана түзүмү
22. Департамент Шамалдуу-Сай шаардык мэриясынын алдындагы түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
23. Директор - Департаменттин жетекчиси болуп саналат жана Шамалдуу-Сай шаарынын мэри тарабынан Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган тартипте кызматка дайындалат жана бошотулат.
24. Департаменттин кызматкерлери жана жумушчулары Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган тартипте келишимдин негизинде Департаменттин директору тарабынан мөөнөттүү жана мөөнөтсүз ишке кабыл алынат жана иштен бошотулат.