Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 26-декабры № 838
Транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2025-жылдын 23-майындагы № 45 “Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2011-жылдын 9-декабрындагы № 877 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” чечимин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Жеке ишкер катары катталган юридикалык жак же жеке жак тарабынан үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келинген, чыгарылган күндөн тартып 3 жылдан ашпаган транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоо эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жеке ишкер катары катталган юридикалык жак же жеке жак тарабынан үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келинген, чыгарылган күндөн тартып 3 жылдан ашпаган транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоо боюнча иштерди жүргүзүүгө сейрек учуроочу транспорт каражатын баалоо жөнүндө корутундуну берүү менен (сейрек учуроочу транспорт каражаты үчүн) жумуштарды жүргүзүүгө жана транспорт каражаттарынын конструкциясынын коопсуздугу күбөлүгүн берүүгө аккредитацияланган жана Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестринин улуттук бөлүгүнө киргизилген контролдоо органдарына (лабораторияларга) ыйгарым укук берилсин.
3. Ушул токтомго ылайык шайкештикти баалоодон өткөн транспорт каражаттары (шасси) Кыргыз Республикасынын аймагында гана жүгүртүүгө чыгарылууга, сатылууга, эксплуатациялоого жана мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор мындай транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктө “ТКны Кыргыз Республикасынын аймагында гана эксплуатациялоого жол берилет” деген жазууну көрсөтүү менен ушул токтомго ылайык шайкештикти баалоодон өткөн транспорт каражаттарын каттоону камсыз кылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |