Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-декабрындагы № 838 токтомуна)
Жеке ишкер катары катталган юридикалык жак же жеке жак тарабынан үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келинген, чыгарылган күндөн тартып 3 жылдан ашпаган транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоо ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер жеке ишкер катары катталган юридикалык жак же жеке жак тарабынан үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келинген, чыгарылган күндөн тартып 3 жылдан ашпаган транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоодо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык дөңгөлөктүү транспорт каражаттарына карата колдонулуучу милдеттүү талаптарды аныктайт.
2. Ушул Эрежелердин 1-пунктунда көрсөтүлгөн дөңгөлөктүү транспорт каражаттарына карата ББ ТР 018/2011 "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинде каралган шайкештикти баалоо жөнүндө документтерди тариздөөгө жол берилбейт.
Ушул Эрежелер эксплуатациялоодогу дөңгөлөктүү транспорт каражаттарына колдонулбайт.
3. Ушул Эрежелердин максаттары үчүн төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
аккредитацияланган контролдоо органы (лаборатория) - жумуштарды жүргүзүүгө жана транспорт каражаттарынын конструкциясынын коопсуздугу күбөлүгүн берүүгө Кыргыз Республикасынын улуттук аккредитациялоо системасында аккредитацияланган жана Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестринин улуттук бөлүгүнө киргизилген контролдоо органы (лаборатория);
сейрек учуроочу транспорт каражаты - жеке ишкер катары катталган юридикалык жак же жеке жак тарабынан үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келинген, чыгарылган күндөн тартып 3 жылдан ашпаган транспорт каражаты;
корутунду - чыгарылган күндөн тартып 3 жылдан ашпаган, жүгүртүүгө чыгарылган транспорт каражаттарынын техникалык талаптарга шайкештигин күбөлөндүргөн, сейрек учуроочу транспорт каражатын баалоо жөнүндө документ.
4. Сейрек учуроочу транспорт каражаттары ушул Эрежелердин 1-тиркемесинде берилген талаптарга шайкеш келген шартта Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылат жана эксплуатациялоодо болууга укуктуу, ал ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча сейрек учуроочу транспорт каражатын баалоо жөнүндө корутунду менен ырасталат.
5. Транспорт каражатынын тибин, шассинин тибин жана (же) сейрек учуроочу транспорт каражатын баалоо жөнүндө корутундуларды тариздөө аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан берилген бланктарда же ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык ушул Эрежелерге шайкештикти күбөлөндүргөн документтердин номерлеринин түзүмүнө ылайык номерлерди ыйгаруу менен электрондук түрдө жүргүзүлөт.
6. Берилген корутундуларды эсепке алуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору тарабынан жүргүзүлөт.
2. Сейрек учуроочу транспорт каражатынын шайкештигин баалоо тартиби
7. Сейрек учуроочу транспорт каражаттарын жүгүртүүгө чыгаруунун алдында техникалык талаптарды аткарууну текшерүү аккредитацияланган контролдоо органы тарабынан сейрек учуроочу транспорт каражатынын конструкциясынын техникалык экспертизасы формасында жүргүзүлөт.
8. Комплекттелген сейрек учуроочу транспорт каражаттары гана текшерилет. Сейрек учуроочу транспорт каражатынын шайкештигин баалоо төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
1) өтүнмө ээси аккредитацияланган контролдоо органына төмөнкү документтерди тиркөө менен өтүнмө берет:
- өтүнмө ээсинин ким экендигин күбөлөндүргөн документ;
- транспорт каражатына ээлик кылуу же пайдалануу жана (же) тескөө укугун ырастаган документ;
- транспорт каражатын баалоо жөнүндө корутундуну тариздөө үчүн транспорт каражатынын жетиштүү көлөмдөгү жалпы техникалык сыпаттамасы;
- товар коштоочу документтер;
2) аккредитацияланган контролдоо органы:
- өтүнмө келип түшкөн күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде сейрек учуроочу транспорт каражатын идентификациялоону жүргүзөт;
- сейрек учуроочу транспорт каражатынын ушул Эрежелердин 1-тиркемесинде белгиленген талаптарга шайкештигин баалайт;
- сейрек учуроочу транспорт каражатынын техникалык экспертизасынын протоколун даярдайт;
- сейрек учуроочу транспорт каражатынын шайкештигин баалоонун оң натыйжалары болсо, бир күндүн ичинде ушул Эрежелердин 2 жана 3-тиркемелерине ылайык сейрек учуроочу транспорт каражатын баалоо жөнүндө корутундуну тариздейт, ага каттоо номерин ыйгарат, шайкештикти баалоо жөнүндө берилген корутундулардын реестринде каттайт жана аны өтүнмө ээсине берет;
- сейрек учуроочу транспорт каражатынын шайкештигин баалоонун терс натыйжалары болсо, баш тартууну тариздейт жана бир күндүн ичинде баш тартуунун себебин көрсөтүү менен өтүнмө ээсине расмий кат менен жиберет;
- техникалык талаптардын аткарылышын текшерүүгө тиешелүү документтерди 5 жылдан кем эмес сактайт.