Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 14-январы № 6
2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө
Финансылык отчеттуулуктун жана аудиттин сапатын жогорулатуу, ачык жана ишенимдүү финансылык маалыматка жеткиликтүүлүктү кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 18-т тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылга иш-аракеттер планынын 112-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүү стратегиясы 1-тиркемеге ылайык;
2) 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
3) 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүү стратегиясынын индикаторлор матрицасы 3-тиркемеге ылайык;
4) 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүү стратегиясынын ресурстук наркын баалоо 4-тиркемеге ылайык.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары:
1) Иш-чаралар планын толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
2) квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жалпылоо үчүн берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:
1) Иш-чаралар планын ишке ашырууга мониторинг жүргүзсүн;
2) квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 16-январындагы № 2 (3762) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
3-тиркеме
2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүү стратегиясынын индикаторлор матрицасы
№ | Көрсөткүч | Өлчөө бирди- ги | База- лык жыл 2025- жыл | Аралык индикаторлор | Максаттуу индика- торлор | ТӨМгө ылайык келиши | Жооптуу аткаруучулар | Маалымат- тар булагы | |||
2026- жыл | 2027- жыл | 2028 - жыл | 2029- жыл | 2030 (5-жыл) |
|
|
| ||||
1-артыкчылык. Корпоративдик финансылык отчеттуулуктун жана аудиттин институттук системасын өнүктүрүү | |||||||||||
1 | Финансылык отчеттуулуктун сапатын жана жөнгө салуучунун (Финкөзөмөл- дүн) аудитинин сапатын көз карандысыз талаптагыдай баалоо механизми | % | – | 20 % | 40 % | 60 % | 80 % | 100 % |
| Финкөзөмөл, ФМ, КАБ | Финкөзөмөл |
2 | Жаңыланган, мамлекеттик тилдеги ФОЭС, ЧОИ үчүн ФОЭС, АЭС, ОЭС кесипкөй бухгалтерлердин этика кодексине заманбап жеткиликтүүлүк | % | – |
|
| 50 % | 100 % | 100 % |
| Финкөзөмөл, ФМ, КАБ | Финкөзөмөл |
3 | Финансылык отчеттуулукка сереп, аудиттин сапатын контролдоо | % | – | – | – | – | 50 % | 100 % |
| Финкөзөмөл, донорлор | Финкөзөмөл |
4 | Өткөрүлгөн тренингдер | % | – | – | – | – | 50 % | 100 % |
| Финкөзөмөл, донорлор |
|
5 | ФОЭС жана АЭС боюнча жөнгө салуучунун адистеринин квалификация- сын жогорулатуу жөнүндө ЧУА |
| – | 20 % | 40 % | 60 % | 80 % | 100 % |
| Финкөзөмөл |
|
6 | ФОАД | % | – | 10 % | 50 % | 100 % | 100 % | 100 % |
| Финкөзөмөл, “Инфоком” МИ | Финкөзөмөл |
7 | Финансылык отчеттуулуктун сапатын жана аудиттин сапатын жогорулатуу | % | – | 20 % | 40 % | 60 % | 80 % | 100 % |
| Финкөзөмөл, донорлор | Финкөзөмөл |
8 | Финкөзөмөлдүн IFIARде мүчөлүгү | % | – | 20 % | 40 % | 60 % | 80 % | 100 % |
| Финкөзөмөл, ФМ | Финкөзөмөл |
2-артыкчылык. Бухгалтердик жана аудитордук кесипти чыңдоо | |||||||||||
9 | Окуу борбору | % | – | 20 % | 40 % | 60 % | 80 % | 100 % | ТӨМ 4 | Финкөзөмөл |
|
10 | ККС жана ИИС бухгалтерлери үчүн этика кодекси | % | – | 20 % | 40 % | 60 % | 80 % | 100 % | ТӨМ 4 | Финкөзөмөл | Финкөзөмөл, КАБ |
11 | Аудиторлордун кесиптик квалификация-сын чыңдоо системасы | % | – | 20 % | 50 % | 100 % | 100 % | 100 % | ТӨМ 4 | Финкөзөмөл, КАБ | Финкөзөмөл |
12 | Эл аралык сертификаты бар аудиторлордун кесиптик квалификация- лык системасын валидациялоо | % | – | 20 % | 40 % | 60 % | 80 % | 100 % | ТӨМ 4 | Финкөзөмөл, КАБ, донорлор | Финкөзөмөл |
3-артыкчылык. Туруктуу өнүктүрүү жаатында ачык финансылык эмес отчеттуулукту киргизүү жана бекемдөө (ESG) | |||||||||||
13 | ISSB менен лицензиялык келишим | % | – | – | 20 % | 50 % | 100 % | 100 % | ТӨМ 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 12, 16, 17 | Финкөзөмөл, донорлор | Финкөзөмөл |
14 | Туруктуулук жөнүндө отчеттуулукка мониторинг жүргүзүү үчүн жооптуу ыйга- рым укуктуу мамлекеттик орган | % | – | – | 20 % | 100 % | 100 % | 100 % | ТӨМ 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 12, 16, 17 | Финкөзөмөл, КФБ | Финкөзөмөл |
15 | ESG ККС жана ИИС түзүү жана жарыялоо боюн- ча ЧУА | % | – | – | – | 20 % | 50 % | 100 % | ТӨМ 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 12, 16, 17 | Финкөзөмөл, КАБ | Финкөзөмөл |
16 | ESG, ККС жана ИИС жаатында финансылык эмес отчеттуулукту жана отчеттуулукту ачыкка чыгаруу | % | – | – | – | – | – | 100 % | ТӨМ 3, 4, 5, 6,7, 8, 9, 10, 12, 16, 17 | Финкөзөмөл, ККС, ИИС | Финкөзөмөл |
17 | ESG- дисциплинасы орто, жогорку билим берүү, даярдоо жана квалификация- сын жогорулатуу программала- рында | % | – | – | – | – | 20 % | 100 % | ТӨМ 4 | ИЖББИМ, Финкөзөмөл, КАБ | КР ИЖБИМ |
18 | Исламдык стандарттар боюнча аналитикалык материалдар даярдалды | % | – | – | – | – | – | 100 % | – | КАБ | Финкөзөмөл |
4-артыкчылык. Финансылык отчеттуулук жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу | |||||||||||
19 | Финансылык отчеттуулуктун маанилүүлүгү жана анын ишенимдүү маалымат берүүдөгү ролу жөнүндө жарыя- лоолор | % | – | – | 20 % | 40 % | 80 % | 100 % |
| Финкөзөмөл, КАБ | Финкөзөмөл |
20 | Жеткиликтүү жана ачык- айкын финансы- лык, финансылык эмес отчеттуулук жана туруктуу өнүктүрүү боюнча отчеттуулук | % | – | – | 20 % | 40 % | 80 % | 100 % |
| Финкөзөмөл, “КФБ” ЖАК | Финкөзөмөл, “КФБ” ЖАК |
21 | ККС жана ИИС реестрине жеткиликтүүлүк | % | – | – | 20 % | 50 % | 100 % | 10 0% |
| Финкөзөмөл, “КФБ” ЖАК | Финкөзөмөл |