Загрузка документа…
ШАМАЛДУУ-САЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шамалдуу-Сай шаардык кеңешининII чакырылышынын
кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 07- августундагы №8
«Шамалдуу-Сай шаарында каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү, үйлөнүү үлпөттүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу»
“Шамалдуу-Сай шаарында каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү, үйлөнүү үлпөттүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Чаргынованын маалыматын угуп жана талкуулап, Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин II чакырылышынын кезектеги 9 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Шамалдуу-Сай шаарында каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү, үйлөнүү үлпөттүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Чаргынованын билдирүүсү эске алынсын.
2.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 Жарлыгына ылайык, “Шамалдуу-Сай шаарында каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү, үйлөнүү үлпөттүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосу бекитилсин.
3.Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн сунуштоо жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (А.Уметбеков) милдеттендирилсин.
4.Токтом Шамалдуу-Сай шаарынын www.shamalduusaykenesh.el.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (С. Чаргынова) жүктөлсүн.
Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
З.А. Сатаров |