Загрузка документа…
| БЕКИТИЛДИ Шамалдуу-Сай шаардык Кеңешинин II чакырылышынын 2025-жылдын 7-августундагы кезектеги 9-сессиясынын №8 токтому |
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп–адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык Шамалдуу-Сай шаарында каада салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү, үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп –адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө
Типтүү жобого сунуштама
1. Жобого сунуштаманын максаты
1.1.Аталган типтүү жобого сунуштаманын (мындан ары жобого сунуштама) негизги максаты, улуттук маданияттын баалуулуктарын коргоо жана элдик каада – салттарга сый мамиле кылууну калыптандыруу, жарандардын жашоо деңгээлин жана сапатын көтөрүүнүн кызыкчылыгын гана көздөп, элдин саламаттыгын, адеп-ахлагын коргоону камсыз кылуу, маркумду акыркы сапарга узатуудагы ырым-жырымдарды өткөрүүдө убаракерчилике, өлүк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын эске алууга, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп–адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” № 54 Жарлыгын ишке ашыруу болуп саналат.
2. Жалпы жобого сунуштама
2.1. Жобонун сунуштамасына ылайык улуттук маданияттын баалуулуктарын коргоо жана элдик каада-салттарга сый мамиле кылууну калыптандыруу, жарандардын жашоо деңгээлин жана сапатын көтөрүүнүн кызыкчылыгын гана көздөп, элдин саламаттыгын, адеп-ахлагын коргоону камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп–адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 Жарлыгына ылайык, Шамалдуу-Сай шаарында дин кызматкерлери, коомдук уюмдар жана жалпыга маалымдоо каражаттары иш алып барат.
2.2. Жобого сунуштама жарандардын үй-бүлөлүк жана башка иш чараларын өткөрүүдө, ар бир жаран өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша жана ири акча каражатын чыгымдобоого багытталган. Ошондой эле үй-бүлөлүк бюджетке зыян келтирбөөгө, калктын жашоо деңгээлине терс таасирин токтотууга багытталган. Маркумду акыркы сапарга узатуудагы жана андан кийинки эскерүү үрп-адаттарындагы ысырапкерчилике жол бербөөгө багытталган.
2.3. Жобого сунуштама жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн, салттын эске алуу менен иштелип чыккан жана жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
3. Жобого сунуштаманы иштеп чыгуу, кабыл алуу, бекитүү жана күчүнө киргизүү тартиби
3.1. Шамалдуу-Сай шаардын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үпр-адаттарын тартипке келтирүүжөнүндө типтүү жобону иштеп чыгуу үчүн мэриянын башчысынын шаардын мэринин буйругу менен төмөндөгу курамда жумушчу топ түзүлөт:
- Шаардык мэриянын кызматкери;
- Жергиликтүү кеңештин депутаттары;
- Ардагерлер мүчөсү;
- Аялдар жана жаштар уюмунун мүчөлөрү;
- Аксакалдар сотунун мүчөсү;
- Дин уюмунун мүчөсү;
- Өкмөттүк эмес уюмдардын мүчөсү;
- Жергиликтүү коомдоштурган уюмдардын мүчөсү
3.2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин берген типтүү жобосунун негизинде, жумушчу топ тарабынан жобо долбоору иштелип чыгат. Ал долбоор шаардык жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн тактайларга илинет, шаардык мэриянын жергиликтүү мамлекеттик адинистрациясынын сайттарында жайгаштырылат. Келип түшкөн иштиктүу сунуштарды жумушчу топ эске алуу менен долбоорго киргизет. Иштелип чыккан жобо шаардык кеңештин сессиясында бекитилет. Жобону бекитүү жөнүндөгү шаардык кеңешитин токтомунда белгиленген жобо колдонууга алынат.
3.3. Жобону бекитүү жөнүндөгү шаардык кеңештин токтому белгиленген тартипте шаардык кеңештин, шаардык мэриянын сайттарында жайгаштырылат.
3.4. Жобого кызыккан жарандарга шаардык мэриясы шаардык кеңештин тарабына токтоосуз тааныштырылат.
4. Жободогу колдонулган түшүнүктөр
4.1. Жободо төмөнкү түшүнүктөр колдонулду:
Бешик той - бала төрөлгөндөн кийин бешике салынып бөлөнөт. Ошол учурда кыздын ата-энеси небересин бешике салуу максатында бешик жасап алып барат
Тушоо кесүү - бала кас-кас туруп, өз алдынча кадам койгон мезгилде жана кадам шилтеп басып калган учурда, чалынып жыгылбай тез басып кетүүсүн тилек кылып, баланын бутуна жип менен тушап, жеткинчек балдардан тартып чуркаганга аксакалдардан бери белгилүү аралыктан чуркатып, балага биринчи жетип келген инсан, баланын тушоосун кесип, чалынбай тез басып кет деген тилек менен, колунан жетелеп чыгат. Тушоо кескен адамга белек берилет.
Сүннөт той – эркек бала 5-7 жашка чыккан мезгилде суннөткө отургузуу ата-эненин парзы болот. Ошол учурда атайын суннөт той өткөрүүлөр болот.
Үйлөнүү үлпөт той жана кыз узатуу той – бала жана кыз балакатка жеткен учурда өз каалоолору менен үй-бүлө курууга баш кошуп, турмуш жолуна аттанышат. Ошол учурда баланы үйлөнтүү, кызды узатуу той берилет.
Маареке той – адам баласы кандайдыр бир белгилүү жашка толгон учурда белгилеп берилүүчү той.
Жаңы үйгө кирүүдө, үй той – адам баласы жашоосунда баш калкалоо үчүн турак жай салып, аны күндөлүк турмушта жашоо үчүн пайдаланып келет.Жаңы турак жайга кирген учурда берилүүчү той.
Маркумду акыркы сапарга узатууда, маркумдун үч күнүн, кырк күнүн, айт күндөрүндө, жылын эскерүү чаралары жана башка эскерүүлөр – маркумду эскерүүгө арналган салттар
Маркумдун ашын берүү – маркумду эскерүү үчүн кандайдыр бир мезгилден кийинки салт.
5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнүн тартиби
5.1. Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик той, тушоо кесүү той, балдарды сүннөткө отургузуу, үйлөнүү, кыз узатуу той, үй той, куда тосуу, туулган күнүн белгилөө, маараке салтанаттары жана башка салтанаттар кирет.
Үйлөнүү жана кыз узатуу тойлорго чакырылгандардын саны жана туугандар менен чектелсин. мал жандыктар союлбастан, тар чөйрөдө өткөрүлсүн. Жарандык абалын жаздыруу актысына (ЗАГС) чыгуу авто унаалардын саны 3 бирдиктен ашпоо белгиленет. Кызды турмушка чыгарууга калың жана мүчө алууга, сеп берүүгө, куда тосууга түштөндүрүү берүүгө тыюу салынат. Ал эми кыз күйөөго өкүл ата белгилөөдө көптөн себет жана кийим-кече кылууга, кой союга чектөө киргизилет.
Салтанаттарды (бешик той, тушоо кесүү той, балдарды сүннөткө отургузуу, үйлөнүү, кыз узатуу той, үй той, куда тосуу, туулган күнүн белгилөө, сыйлык , чин, наам, илимий жана кесиптик даража алганын белгилөө, классташ, бир туугандар, жоролор, бажалар, кудалар, келиндер, аялдар отуруштары, мектепти, окуу жайды аяктаганына 5-10-20 жылдык кечелер, ажыга баруу жана келгендеги той, балага акыйка өткөрүү) ири деңгээлде тойканаларда, ресторандарда жана чайканаларда өткөрүү тыюу салынат. Аталган салтанаттар үй-бүлөлүк деңгээлде, тар чөйрөдө өткөрүлөт.
Мааракелерге (аш берүү, кандайдыр бир жашка толгонун белгилөө) жакын туугандары менен, мал-жандыктар союлбастан, өткөрүү каралсын. Ал эми аталган мааракелерди болтурбоо жана аталган маарекеге каралган каражатты жумшоо максатында, анын ордуна шаарга таза суу чыгарууну, жолду асфальттоону, шагыл төгүүнү, жарыктандырууга, жөө жол салууга, жетим жесирлерге жардам берүүнү мааракенин ээсине сунуш кылынат.
Конок берүүгө жана багууга, көк бөрү (улак тартыш) оюнун берүүдө ири өлчөмдөгу байгелерди (соорун) союуга (авто унаа, жылкы, ири мүйүздүү мал, кой-эчки, топоз, төө, килем, кымбат баалуу буюмдар) чектөө салынат. Байгесине (соорунга) кымбат эмес жана аз өлчөмдөгү буюм тайымдарды саюу сунушталат.
5.2. Маркумду акыркы сапарга узатууда мал жандык союлбасын, тамак-аш берилбесин, жаназа окугандарга, азага жана коштошуу зыйнатына келүүчүлөрдүн санын чектөө коюлбайт.
Бейшембилик жана үчүлүк, жетилик, кырк күндөрүн, жылдык аш берүүнү белгилеп, эскерүүгө тыюу салынат жана мал жандык союлбай, үй-бүлөдө жакындары менен куран окутуу менен өткөрүлөт. Маркумду акыркы сапарга узатууда келген адамдарды конок кылып сыйлоого, жай казгандардан, сөөк жуугандардан башкаларга акча же буюмдарды берүүгө жана ырымдап сандык ачууга, “көк кийди”, “ак кийди”, “жыртыш” сыяктуу ырым-жырымдарды жасоо мааракелерди, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумдарды эскерүү үрп-адаттарды өткөрүүдө ысырапкерчиликти кыскартуу максатында шаардык кеңеште шаардык уставды карап бекитүү сунушталат.
6. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп- адаттарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү
6.1. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эске алуу үрп-адаттарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчу комиссия жана кызмат адамдарына төмөндөгүлөр кирет.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
- Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким;
- Шаардын мэри;
- Облустук, райондук шаардык комиссиялар;
Шаардык комиссия өздөрүнүн ишин документтештирет.
6.2. Жергиликтүү комиссия
6.2.1 Жергиликтүү комиссия райондук шаарлардын мэриясында түзүлөт.
Анын курамына төмөнкүлөр кирет:
- мэриянын кызматкери;
- шаардык кеңештин депутаттары;
- билим берүүнүн кызматкерлери;
- маданият мекемесинин кызматкерлери;
- ардагерлер кеңешинин мүчөсү;
- аялдар жана жаштар уюмунун мүчөлөрү;
- аксакалдар сотунун мүчөсү;
- дин уюмунун мүчөсү;
- өкмөттүк эмес уюмдардын мүчөсү;
- милиция бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;
- жергиликтүү коомдоштурулган уюмдардын мүчөсү;
Жергиликтүү комиссиянын курамы шаардын мэринин буйругу менен бекитилет.
6.2.2. Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү үй-бүлөлүк салтанаттарда жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттарыв өткөрүлүп жаткан жерлерге чогуу барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, иш-чара өткөрүп жаткан адамга жобонун талаптарын тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат. Жобонун аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт. Жобонун талаптары бузулган учурда акт түзүлөт, ал тууралуу комиссия маселени карайт, талапты бузган адамдарга карата чара (анын ичинде коомдук уяткаруу чарасын) көрөт.
7. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
7.1 Шаар аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү жөнүндө типтүү жобону бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндөгү Кодексинде, жергиликтүү жааматтын уставында жана шаардын ички мыйзамдарында, ошондой эле эрежелеринде каралган (элдик курултай, шаардык жыйындар, шаардык Кеңеш тарабынан кабыл алынган) айып жазаларынын өлчөмдөрү, салынган айыптарды төлөө мөөнөттөрү жана тартиби каралат.