Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышы
2025-жылдын 29-декабры № 111
Жер тилкелерин муниципалдык менчикке кабыл алууга
макулдук берүү жөнүндө
(Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 25-мартындагы № 128 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, айыл өкмөтүнүн башкы адиси П.И.Лугма тарабынан сунушталган материалдардын негизинде жана муниципалдык менчиктеги жерлердин эсебин тартипке келтирүү максатында, Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Төмөнкү жер тилкелерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин:
• жалпы аянты 800 чарчы метр болгон, Садовое айылы, Степная көчөсү (номерсиз) дарегинде жайгашкан жер тилкеси;
• жалпы аянты 60 чарчы метр болгон, Садовое айылы, Советская көчөсү (номерсиз) дарегинде жайгашкан жер тилкеси;
• жалпы аянты 56 чарчы метр болгон, Александровка айылы, Фрунзе көчөсү (номерсиз) дарегинде жайгашкан жер тилкеси;
• жалпы аянты 7000 чарчы метр, дареги: Александровка айылы, Масанчин көчөсү б/н, 429-контурда жайгашкан жер тилкеси.
(Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 25-мартындагы № 128 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Миң-Булак айыл өкмөтүнө мыйзамдарда белгиленген тартипте төмөнкү иштерди жүргүзүү тапшырылсын:
• көрсөтүлгөн жер тилкелерин муниципалдык менчикке кабыл алуу;
• баланска коюу;
• муниципалдык менчик укугун мамлекеттик каттоодон өткөрүү.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кенештин индивидуалдык турак-жай курулушу, муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин берүү жана сатуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Булазова Г.Т. |