Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-марты № 128
Айылдык кеңештин 2026-жылдын 29-декабрындагы №111 «Жер тилкелерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 7-мартындагы №51 «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Москва районунун прокурорунун 2026-жылдын 3-февралындагы №11/3726 ченемдик укуктук актынын бузулушун четтетүү жөнүндө талабына ылайык, Мин-Булак айылдык кеңешинин жеке турак жай куруу, муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин берүү жана сатуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 24-февралындагы чечиминин негизинде, ошондой эле Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башкы адиси П.И.Лугманын айылдык кеңештин 2025-жылдын 29-декабрындагы №111 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Мин-Булак айыл аймагынын кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Мин-Булак айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-декабрындагы №111 «Жер тилкелерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
• 1-пункттун «жалпы аянты 4000 чарчы метр, дареги: Александровка айылы, Масанчин көчөсү б/н, 429-контурда жайгашкан жер тилкеси» деген бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«жалпы аянты 7000 чарчы метр, дареги: Александровка айылы, Масанчин көчөсү б/н, 429-контурда жайгашкан жер тилкеси».
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
3. Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жеке турак жай куруу, муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин берүү жана сатуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.Б. Асаналиев |