Редакцияот 09.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2026-жылдын 9-февралы № 31

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2021-жылдын 24-ноябрындагы № 532 «Суу жана жер

ресурстары боюнча улуттук кеңеш жөнүндө» Жарлыгына

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 10, 20 жана 22-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 532 «Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын функцияларын аткаруу суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлсүн.»;

2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жободо:

- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«5. Улуттук кеңештин катчылыгынын функцияларын суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.»;

- 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү, бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:

«- Кыргыз Республикасынын улуттук суу стратегиясын жактыруу жана аны 5 жылда кеминде бир жолу кайра кароо. Зарыл болгон учурда аны өзгөртүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизүү;

- бассейндик пландардын долбоорлорун жактыруу жана аларды ар бир 5 жыл сайын кайра кароо;

- суу мамилелерин жөнгө салуу боюнча иш жөнүндө ар жылдык отчетту бекитүү;».

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 9 (3769) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

С.Н. Жапаров