Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 24-ноябры ПЖ № 532
Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы ПЖ № 269, 2026-жылдын 9-февралындагы № 31 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Суу жана жер ресурстарын башкаруу, коргоо жана пайдалануу маселелери боюнча министрликтердин, административдик ведомстволордун жана мамлекеттик органдардын ишин координациялоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жобо 1- тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин курамы 2- тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын функцияларын аткаруу суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлсүн.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 31 Жарлыгын редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер
ресурстары боюнча улуттук кеңештин