Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-февралы № 81
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын чегин, түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштуруу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 27-октябрындагы № 383, 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 401 тескемелерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38, 43 жана 50-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
– айыл өкмөтүнүн штаттык санынын чеги 1-тиркемеге ылайык;
– облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрияларынын штаттык санынын чеги 2-тиркемеге ылайык;
– жергиликтүү кеңештердин (облустук жана райондук маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин, айылдык кеңештердин) штаттык санынын чеги 3-тиркемеге ылайык;
– айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү 4-тиркемеге ылайык;
– облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрияларынын типтүү түзүмү 5-тиркемеге ылайык;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык расписаниесинин типтүү формасы 6-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
– айыл өкмөтүнүн түзүмү жана штаттык расписаниеси айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан бекитилет;
– облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрияларынын түзүмү жана штаттык расписаниеси мэр тарабынан бекитилет;
– облустук жана райондук маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин, ошондой эле айылдык кеңештердин түзүмү жана штаттык расписаниеси жергиликтүү кеңештердин төрагасы тарабынан бекитилет.
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
– ушул токтомдо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандарды кошпогондо, атайын каражаттардын же башка каржылоо булактарынын эсебинен штаттык кызматкерлерди кабыл албоо;