Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-февралы № 72
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун
Өзгөн районунун Жазы айыл аймагында жайгашкан
жер тилкесин «Суу фондунун жерлери» категориясынан
«Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын,
энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка
багыттагы жерлер» категориясына
которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы айыл аймагында муниципалдык мал базарын куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18, 105-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык,Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 22-августундагы № 01-39/3119 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 22-августундагы № 01-13/49 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы айыл аймагында № 2573 (5,35 га), № 2887 (0,1 га), № 2573 (3,38 га) контурларда жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган, жалпы аянты 8,83 га жер тилкеси муниципалдык мал базарын куруу үчүн «Суу фондунун жерлери» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдарына ылайык курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесинин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
3) жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана ченемдерди сактоону;
5) чарбалык жана башка иштерди жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык экологиялык талаптарды аткарууну;