Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын «__» ________ №___ тескемеси менен жактырылган |
2025-жылдын 10-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан
мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан
контролдонуучу эл аралык берүүлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү
тартиби жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин корутундусу
2025-жылдын 10-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан контролдонуучу эл аралык берүүлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө келишим (мындан ары – Келишим) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Расмий тилдеги Келишимдин долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 119 тескемеси менен жактырылган.
Келишимде аны ишке ашыруу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (мындан ары – КМШ) катышкан мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосундагы туруктуу жана натыйжалуу өз ара аракеттенүү системасын түзүүгө, оперативдүү маалымат алмашууну кеңейтүүгө, азыркы чакырыктарга жана коркунучтарга, анын ичинде мамлекеттик чек аралар аркылуу контролдонуучу объекттерди мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштарга каршы туруу жаатында биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө, ошондой эле баңгизаттардын, курал-жарактардын, маданий, тарыхый жана көркөм баалуулуктардын, ошондой эле башка тыюу салынган же чектелген товарларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы туруу үчүн контролдонуучу эл аралык берүүлөр чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу механизмдерин түзүүгө өбөлгө түзөт деп белгиленген.
Келишимди ратификациялоо Кыргыз Республикасына КМШга катышкан мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосундагы кызматташуунун жаңы формаларын өнүктүрүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет, бул жүгүртүлүшү чектелген же тыюу салынган товарларды, предметтерди жана заттарды алып өтүүгө эл аралык контроль жаатында өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун олуттуу жогорулатат, ошондой эле региондук коопсуздукту камсыз кылууга салым кошот.
Келишимдин долбоорунда чегинүүлөрдү билдирүүгө тыюу салган же аны макулдашуу стадиясында чегинүүлөрдүн белгилүү бир категориясын гана билдирүүгө жол берген жоболор камтылбагандыктан, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Келишимдин долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттерине берүү зарылдыгы болгон эмес, ушуга байланыштуу алар менен макулдашуу жүргүзүлгөн эмес.
Жогоруда көрсөтүлгөн Келишимди ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт.