Загрузка документа…
КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кенешинин I –чакырылышынын
I-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 4-марты № 11
Укук бузуулар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинии 2023-жылдын 24-январындагы № 35 "Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинии 2025-жылдын 5-февралындагы № 62 сандуу токтомун жетекчилике алып Кыргызстан айыл кеӊеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кыргызстан айыл өкмөт башчысы М.Дүйшөбаевге тапшырылсын
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө алуу жагы, айылдык кеңештин алдындагы агрардык комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрайым |
| Н.Качкымбаева |
|
| Тиркеме Кыргызстан айыл кеӊеши 04.03.2025 № 11 токтом |
Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө
1. Жалпы жоболор
1. Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө ушул Типтүү жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине (мындан ары - Кодекс) ылайык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын комиссияларын (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана ишинин бирдиктүү тартибин аныктайт.
2. Комиссиянын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- укук бузуулар жөнүндө кароого келип түшкөн ар бир иштин жагдайын өз убагында, ар тараптуу, толук жана объективдүү аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укук бузуулар жөнүндө иштерди так чечүү;
- чыгарылган чечимдин аткарылышын контролдоо, ошондой эле укук бузууларды жасоого өбөлгө түзгөн себептерди жана шарттарды аныктоо.
3. Комиссия туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп саналат. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана жеке курамы тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен бекитилет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Комиссия жөнүндө жобо жергиликтүү кеңештин чечими менен, анын сандык жана жекече курамы - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечими менен бекитилет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары өздөрүнүн чечимдери менен протоколдорду түзүүгө жана укук бузуулар жөнүндө токтомдорду чыгарууга, Кодексте каралган учурларда жазаларды колдонууга ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт.
4. Комиссиялардын иши мыйзамдуулуктун, мыйзам алдындагы теңдиктин, күнөөсүздүктүн презумпциясынын, бузуу үчүн жоопкерчиликтин сөзсүз боло тургандыгын, адилеттүүлүктүн, жазаларды жекелештирүүнүн жана гуманизмдин принциптерине негизденет.
5. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Комиссиянын ишин түзүүнүн жана токтотуунун тартиби
6. Ыйгарым укуктуу органдар өздөрүнүн чечимдери менен укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө жана токтомдорду чыгарууга, Кодексте каралган учурларда жазаларды колдонууга ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт жана укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу комиссияларды түзөт.
7. Комиссиянын мүчөлөрү өзүнүн ишкердик, жеке жана моралдык сапаттары, ден соолугунун абалы боюнча Комиссияга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жарандары болууга тийиш.
8. Комиссия 3төн 9 адамга чейин так санда түзүлөт. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда Комиссиянын курамына тиешелүү мамлекеттик органдын кызматкерлери (кызматчылары) кирет.
Комиссияны мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарларынын бири же тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталуучу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн биринин жетекчиси башкарат.
Комиссиянын катчысынын милдеттерин аткаруу тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын бирине жүктөлөт. Комиссиянын катчысы Комиссиянын мүчөсү боло албайт.
9. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын комиссияларынын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, тиешелүү аймактын коомдук уюмдарынын өкүлдөрү жана ошол аймакта жайгашкан мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү кирет.
Комиссияны жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчисинин орун басарларынын бири же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аппаратынын жетекчиси/жооптуу катчысы же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн биринин жетекчиси башкарат.
Комиссиянын катчысынын милдеттерин аткаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын жетекчисинин чечими боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын кызмат адамдарынын бирине жүктөлөт. Комиссиянын катчысы Комиссиянын мүчөсү боло албайт.
Бишкек жана Ош шаарларында Комиссияны мэр тарабынан аныкталуучу кызмат адамы башкарат.
10. Төмөнкү адам Комиссиянын мүчөсү боло албайт:
- ага карата кылмыш-жаза куугунтуктоосу (кылмыш-жаза иши) реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган;
- ден соолугунун абалы медициналык корутундуга ылайык Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган.
11. Комиссиянын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктуу орган тарабынан Комиссия түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси тарабынан Комиссиянын курамы бекитилген күндөн тартып башталат.
12. Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары ыйгарым укуктуу орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
- Комиссиянын мүчөсү - кызматчы өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;
- Комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими боюнча Комиссиянын мүчөсү болуп саналган адам аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же каза болду деп таанылганда;
- Комиссиянын мүчөсүнүн өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылган ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутундусу болгондо;
- Комиссиянын мүчөсү болуп саналган адам тарабынан мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын этикасын бузган жосун жасаганда;
- Комиссиянын мүчөсү каза болгондо;
- Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого чыгып кеткенде;
- Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, ал Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын кабыл алганда;
- мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жоюлганда;
- Комиссиянын мүчөсү болуп саналган кызматчы бошотулганда, ротацияланганда (которуу же ордунан жылдыруу).
13. Комиссиянын жаңы мүчөсү Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен бекитилет.
14. Комиссиянын ыйгарым укуктары, Комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда ыйгарым укуктуу орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан токтотулушу мүмкүн.
15. Комиссиянын жаңы курамы Комиссиянын мурунку курамынын ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен түзүлөт.
16. Укук бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүндө турган Комиссиянын мүчөсү, эгерде ал төмөнкүдөй болгон учурларда аны карай албайт:
- укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын же жабырлануучунун, алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, жактоочунун же өкүлүнүн тууганы болсо;
- иштин чечилишине жеке, түз же кыйыр түрдө кызыкдар болсо.
Жогоруда көрсөтүлгөн учурлар Комиссиянын төрагасынын жана мүчөсүнүн баш тартуусу үчүн негиз болуп саналат.