Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-февралы № 100
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 28-январындагы № 32 «Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Инвесторлорду коргоо механизмин өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 32 «Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартиби жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартибинде:
– 3-пунктта:
2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн жооптуу орган;»;
3-пунктчада «инвестицияларды тартуу жана коргоо чөйрөсүндөгү» деген сөздөр алып салынсын;
– 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Инвесторлордун даттанууларын кароо жана аларды коштоо маселелери төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
1) укуктун үстөмдүгү жана укуктук жол-жоболордун сакталышы;
2) объективдүүлүк;
3) калыстык;
4) толуктук;