Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2025-жылдын 3-ноябры № 938-т
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Мисир Араб Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрине жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Мисир Араб Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Мисир Араб Республикасынын Өкмөтү Тараптардын жогорку билим берүү жаатындагы колдонуудагы улуттук мыйзамдарын эске алып жана Тараптардын жогорку билим берүү чөйрөсүндөгү компетенттүү органдарынын ортосундагы мамилелерди мындан ары чыңдоого даярдыгын билдирүү менен төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты.
1-берене.
Тараптар жогорку билим берүү жаатында кеңири, узак мөөнөттүү жана туруктуу кызматташууну өнүктүрүүгө умтулушат, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Мисир Араб Республикасынын билим берүү уюмдарынын ортосунда түз байланыштарды түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт.
2-берене.
Тараптар жогорку билим берүү жаатында тажрыйба алмашууга жана Тараптардын ортосунда ийгиликтүү кызматташуу үчүн зарыл болгон билим берүү системасынын түзүмү жана уюштурулушу жөнүндө маалымат алмашууга көмөк көрсөтүшөт.
3-берене.
Тараптар өз аймактарында өткөрүлүүчү эл аралык симпозиумдарга, конгресстерге, конференцияларга жана ушул сыяктуу иш-чараларга катышууну колдойт, ошондой эле компетенттүү органдардын макулдугун алгандан кийин бул иш-чараларда берилген илимий баяндамалар менен алмашууга көмөктөшөт.
4-берене.
1. Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык жана өз ара түшүнүшүү принцибинин негизинде Тараптар жыл сайын эки өлкөнүн жарандарына төмөнкү деңгээлдерде окутуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча белгилүү сандагы стипендияларды берет: бакалавриат, магистратура, аспирантура жана докторантурадан кийинки программалар, ошондой эле тил үйрөнүү стажировкалары. Стипендияларды берүү стипендиялардын санын жана аларды берүүнүн финансылык шарттарын камтыган өзүнчө аткаруу программасы аркылуу жүргүзүлөт.
2. Стипендияга жана стажировкага талапкерлерди алдын ала тандоону жиберүүчү Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык жиберүүчү Тарап жүргүзөт. Кабыл алуучу Тарап стипендияга жана стажировкага талапкерлерди кабыл алууну кабыл алуучу Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.
3. Жиберүүчү Тарап көрсөтүлгөн талапкерлердин негизги тизмесине кошумча катары билим берүүнүн ар бир деңгээли үчүн резервдик талапкерлерди камтыган талапкерлердин резервдик тизмесин жиберет.
4. Тараптардын жогорку билим берүү уюмдарына кирүү үчүн көрсөтүлгөн талапкерлердин билим деңгээли Тараптардын кабыл алуучу жогорку билим берүү уюмдары тарабынан белгиленген критерийлерге ылайык келиши керек.
5. Тараптар ушул Жогорку билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун алкагында стипендиаттардын өз өлкөлөрүндө болушуна жана окуусуна тиешелүү маселелерди чечүү үчүн зарыл чараларды көрөт.
5-берене.
Тараптар жыл сайын стипендиялардын колдонулуп жаткан программалары жана Тараптардын билим берүү уюмдарына кирүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат менен алмашып турат.
Тараптар бул уюмдардын кабыл алуу эрежелерине ылайык экинчи Тараптын өлкөсүнүн жарандарынын билим берүү уюмдарына жеке кирүүсүнө каршы эмес. Мындан тышкары Тараптар өз өлкөлөрүнүн экинчи Тарапта окуган, окуусун аяктаган жарандарын өз өлкөсүнүн аймагында окуусун улантууга колдоо көрсөтөт.
6-берене.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга өзүнчө протоколдор түрүндө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Жогорку билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Мындай өзгөртүүлөрдү киргизүү дипломатиялык каналдар аркылуу ишке ашырылат жана ушул Жогорку билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу үчүн талап кылынган ошол эле улуттук жол-жоболордон өтөт.
7-берене.
Тараптар эки мамлекеттин университеттери менен институттарынын ортосундагы төмөнкүдөй жааттардагы кызматташууну колдойт:
1. Басылмалар, жарыялоолор, маалыматтар, аудио жана видеоматериалдар менен алмашуу;
2. Байланыштарды сактоо үчүн маданий жана илимий делегациялар, билим берүү уюмдарынын окутуучулары жана билим берүү жаатындагы эксперттер менен алмашуу;
3. Жогорку окуу жайларынын ортосундагы байланыш жана кызматташуу каражаттарын өнүктүрүү жана Тараптардын университеттери менен институттарынын ортосунда эки тараптуу макулдашууларды түзүүнү колдоо.
8-берене.
Ар бир Тарап окуп жаткандардын тиешелүү өлкө жөнүндө объективдүү көз карашын калыптандыруу үчүн тиешелүү окуу программаларына экинчи Тараптын тарыхы, географиясы жана маданияты боюнча маалыматтарды жетиштүү көлөмдө киргизүүгө умтулат.
9-берене.
Тараптар эки Тараптын мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык Тараптардын ортосунда сертификаттарды жана илимий даражаларды өз ара таанууну камсыз кылган атайын макулдашууну түзүү максатында бири-биринин окуу пландарын жана билим берүү системаларын изилдөөгө умтулат.
10-берене.
Тараптар ушул Жогорку билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу деталдарын, анын ичинде талапкерлердин санын жана аны аткаруудан келип чыгуучу финансылык шарттарды аныктаган өзүнчө аткаруу программасын иштеп чыгат.
11-берене.
Ушул Жогорку билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу Тараптардын мамлекеттери мүчө болгон башка эл аралык макулдашуулардан келип чыгуучу Тараптардын мамлекеттеринин укуктарына жана милдеттерине таасирин тийгизбейт.
12-берене.
Ушул Жогорку билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун жоболорун чечмелөөдөн же ишке ашыруудан келип чыгуучу Тараптардын ортосундагы ар кандай талаш-тартыштар улуттук же эл аралык сотторго же болбосо жөнгө салуу үчүн үчүнчү жактарга кайрылбастан Тараптардын ортосундагы консультациялар же сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
13-берене.
Тараптардын ортосунда алмашылган бардык маалыматтар өтө купуя деп эсептелет жана экинчи Тараптын алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү жактарга ачыкка чыгарылбайт. Маалымат ошондой эле ушул Жогорку билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууда көрсөтүлгөндөн башка максаттар үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес.
14-берене.
Ушул Жогорку билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу кол коюлган учурдан тартып 5 жылга күчүнө кирет жана кайсы болбосун Тарап дипломатиялык каналдар аркылуу мөөнөт аяктаганга чейин алты айдан мурда анын колдонулушун токтотуу ниетин жазуу жүзүндө башкага билдирбесе, ошол эле мөөнөткө автоматтык түрдө узартылат.
Ушул Жогорку билим берүү тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууга _______________ шаарында 20____-ж. "___" _____________________ кыргыз, араб, англис жана орус тилдериндеги эки түп нускада кол коюлду, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Жогорку билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Мисир Араб Республикасынын Өкмөтү үчүн |
____________________________________________ |
| ____________________________________________ |