Загрузка документа…
Орозбеков айылдык кенешинин 2026-жылдын 15-майындагы №34 токтомунун редакциясына ылайык
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
2026-жылдын 28-январы № 2
Орозбеков айыл аймагында жергиликтүү салыктардын коэффицентин бекитип берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 401, 412-беренелерине ылайык жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27,34,39-беренелеринжетекчиликке алып, Орозбеков айылдык кеңеши, айылдык кеңешитин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап токтом кылат:
1.Орозбеков айыл аймагындагы Ооган согушунун катышуучулары, Чернобыль кырсыгынын катышуучулары, пенсия жашындагылар жана 1-2-топтогу майыптар, мектеп жашындагы 4 же андан көп балалуулар физикалык жер салык төлөмдөрүнөн бошотулсун.
2.Тамарка салыгы коэффиценти (Кз) 2 эсебинде бекитилсин.
3.Айыл чарбасына жараксыз жер салыгы коэффиценти (Кз) 2 эсебинде бекитилсин.
4.Акыр чикир чыгаруу өз ара салыгы 100 сом эсебинде калтырылсын.
1. Орозбеков айылдык кеңешинин 2026-жылдын 28-январындагы №2 “Орозбеков айыл аймагында жергиликтүү салыктардын коэффицентин бекитип берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин:
4-пункт төмөнкүдөй абзац менен толукталсын:
-Акыр-чикирлерди чыгаруу өз ара салыгынын төлөө мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин деп белгиленсин.
Орозбеков айылдык кенешинин 2026-жылдын 15-майындагы №34 токтомунун редакциясына ылайык
5. Айыл аймакта айыл чарба жерлеринин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин жер салыгы гектарына төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин.
Жер салыгы (сом/гектар) | ||||
Сугат айдоо жери | Кайрак айдоо жери | Көп жылдык өсүмдүктөр | Чабындылар | Жайыттар, кысыр аңыздар |
412,5 | 61,95 | 225 | 36,45 | 19,05 |
6.Орозбеков айыл өкмөтү токтомдун аткарылышын камсыздасын.
7.Орозбеков айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
8.Айылдык кеңеши жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
9.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
10.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |