Редакцияот 02.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги VII сессиясы

 

2025-жылдын 2-июлу № 44/7-9

 

“Таза Суу” муниципалдык ишканасына “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду тарабынан кайтарымдуу негизде алынып берилген жалпы суммасы 5 500 000 (беш миллион беш жүз мин) сомдук “HOWO” үлгүсүндөгү ZZ5257GXW18ВI моделиндеги ассенизатор атайын техникасын муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрине киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 9-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 12.06.2025-жылдагы №01-19/1966 сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Таза Суу” муниципалдык ишканасына “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду тарабынан кайтарымдуу негизде алынып берилген жалпы суммасы 5 500 000 (беш миллион беш жүз мин) сомдук “HOWO” үлгүсүндөгү ZZ5257GXW18ВI моделиндеги ассенизатор атайын техникасы муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрине киргизилсин.

 

2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Суйунтбеков А.О) тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

К. Джаныбеков