Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 127 токтомуна)
Жер казынасын пайдалануу укугун алууга электрондук аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө
убактылуу жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Убактылуу жобо жер казынасын пайдалануу укугун алууга электрондук аукционду (мындан ары – электрондук аукцион) уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартибин аныктайт.
2. Ушул Убактылуу жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
аффилирленген жак – тике же кыйыр түрдө чечимдерди аныктоого же ушул жак тарабынан кабыл алынуучу чечимдерге, анын ичинде келишимдин же башка бүтүмдүн күчүнө таасир этүүгө укуктуу болгон кандай болбосун жеке же юридикалык жактар (берилген ыйгарым укуктардын алкагында алардын ишине контролду жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарды кошпогондо), ошондой эле аларга карата бул аффилирленген жак ушундай укукка ээ болгон кандай болбосун жеке же юридикалык жактар. Юридикалык жактын аффилирленген жагы болуп анын аткаруучу кызмат адамдары, акционер (катышуучу) да таанылат;
кепилдик төгүм – электрондук аукционго коюлуучу жер казынасынын объекти үчүн бонустун суммасынан 10 (он) эсе көп, бирок 100 000 (жүз миң) АКШ долларынан көп эмес жана 1000 (бир миң) АКШ долларынан аз эмес, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына кайра эсептелген, электрондук аукционго катышуу үчүн төлөнүүгө тийиш болгон акча каражаттарынын суммасы – төгүм төлөнгөн күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча кыргыз сомдору. Төлөөгө акыркы сумма сом менен көрсөтүлөт, ошондой эле төлөмдөр Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана жүргүзүлөт;
БИС (Бирдиктүү идентификациялоо системасы) – бул мамлекеттик жана башка электрондук кызматтарды алуу үчүн кайрылган жарандын инсандыгын так аныктоого арналган борборлоштурулган система. БИСтин жардамы менен колдонуучуларды Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында, Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасында, ошондой эле башка мамлекеттик жана интеграцияланган системаларда авторлоштуруу ишке ашырылат;
өтүнмө ээси – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке ишкер катары катталган Кыргыз Республикасынын жараны, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак, ошондой эле чет өлкөлүк жаран же Кыргыз Республикасында филиалы (өкүлчүлүгү) жок чет өлкөлүк юридикалык жак (мындан ары – резидент эмес);
маалыматтык билдирүү – маалыматтык системалардын иштөө процессинде берилүүчү логикалык жактан бириктирилген маалыматтардын жыйындысы, ошондой эле электрондук аукциондун расмий порталындагы жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү укуктук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын түзүмдүк элементтерине шилтеме;
жеке кабинет – электрондук аукциондун расмий порталындагы катышуучунун автоматташтырылган жумуш орду;
электрондук аукциондун расмий порталынын жабык бөлүгү – маалыматтык системанын электрондук аукциондун расмий порталынын катталган катышуучуларына гана жеткиликтүү болгон бөлүгү;
электрондук аукциондун расмий порталынын ачык бөлүгү – маалыматтык системанын жалпыга жеткиликтүү бөлүгү, анда иштөө үчүн расмий порталдын системасында катталуу талап кылынбайт;
электрондук аукциондун расмий порталы – электрондук аукционду уюштуруу жана өткөрүү үчүн Интернет тармагында жайгаштырылган, катталган катышуучуларга аукционго аралыктан, жеке катышуусуз катышууга жана жер казынасын пайдалануу укугуна ээ болууга мүмкүндүк берген маалыматтык система;
электрондук аукциондун объектинин акыркы ставкасы – электрондук аукциондун жеңүүчүсү тарабынан сунушталган жана жер казынасынын объекти боюнча эң жогорку болуп эсептелген ставка;