Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-февралы № 127
Жер казынасын пайдалануу укугун алууга электрондук аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу
Жер казынасын пайдалануу укугун алууга аукциондорду өткөрүүдө коррупциялык тобокелдиктерди жокко чыгаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 5 «Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» Жарлыгын аткаруу үчүн, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Жер казынасын пайдалануу укугун алууга электрондук аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги:
1) ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып 2026-жылдын 30-сентябрына чейинки мезгилде жер казынасын пайдалануу укугун алууга электрондук аукциондорду өткөрүү боюнча пилоттук долбоорду (мындан ары – пилоттук долбоор) ишке ашырсын;
2) пилоттук долбоордун ишке ашырылышына туруктуу негизде мониторинг жана баалоо жүргүзсүн;
3) пилоттук долбоордун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына белгиленген тартипте тиешелүү ченемдик укуктук актынын долбоорун киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 24-февралындагы № 14 (3774) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |