Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 11-февралы № 72-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 «Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 606-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. «МИК» ААКка төмөнкүлөр сунушталсын:
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 «Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасынын алкагында ушул тескеменин 41-пунктуна ылайык саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине жылына 4 % менен турак жайды каржылоону камсыз кылуу;
– ушул тескеменин 3-пунктунун экинчи абзацында көрсөтүлгөн турак жайлардын ордуна саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине Бишкек шаары, Маликов көчөсү, 91 (3-этап); Бишкек шаары, Волков көчөсү, 9а даректери боюнча жайгашкан турак жай комплекстеринен жалпысынан 56 (элүү алты) батир бөлүп берүүнү камсыз кылуу.»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
«41. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги социалдык адилеттүүлүк принциптерин жана муктаждык даражаларын эске алуу менен турак жай менен камсыз кылынууга тийиш болгон саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин тизмесин бекитсин.».
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |