Загрузка документа…
Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугун даярдоо боюнча
1-бөлүм. Жалпы жоболор
1. Бул Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан финансылык отчеттуулукту даярдоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун стандарттарынын (мындан ары – МБСУФОС) талаптарына, 2014-жылдагы Мамлекеттик финансы статистикасына (мындан ары – МФС) ылайык иштелип чыккан.
Жобо төмөнкүлөрдүн курамын, даярдоо, тапшыруу жана консолидациялоо тартибин жөнгө салат:
- мамлекеттик башкаруу секторунун жалпы багыттагы финансылык отчеттуулугу (мындан ары - финансылык отчеттуулук);
- мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттуулук.
2. Уюмдар ички колдонуу үчүн бул Жободо каралбаган кошумча отчетторду иштеп чыгууга укуктуу.
3. Ушул Жобонун максаттары үчүн:
- финансылык отчеттуулукту түзүүгө тиешелүү терминдер МБСУФОСтун текстинде колдонулган маанисинде колдонулат;
- мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттуулукту түзүүгө тиешелүү терминдер бюджеттик укук маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын учурда иштеп жаткан мыйзамдарында колдонулган мааниде пайдаланылат.
2-бөлүм. Отчетторду даярдоого жалпы талаптар
4. Отчеттуулуктун ар бир формасы отчет берүүчү бюджеттик уюм, отчеттун аталышы, отчеттуулуктун валютасы, отчеттук мезгил жөнүндө маалыматты камтыйт.
5. “Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп” (мындан ары - ББЭ) автоматташтырылган маалыматтык системасында бухгалтердик регистрлердеги маалыматтардын туура чагылдырылышы үчүн жоопкерчилик уюмдун бухгалтердик эсептерин жүргүзүүгө (башталгыч документтерди каттоо, бухгалтердик эсептердин регистрлерин жүргүзүү) жооптуу адамдарга жүктөлөт.
6. Уюмдун жетекчиси жана башкы бухгалтери ББЭде түзүлгөн отчеттогу маалыматтардын тууралыгы үчүн жооп берет.
7. Уюмдарды кайра уюштурууда (бириктирүүдө, кошууда, бөлүүдө, бөлүп чыгарууда, өзгөртүп түзүүдө) өткөрүп берүү актысынын же бөлүү балансынын курамына акыркы отчеттук датага жылдык отчеттун көлөмүндө түзүлгөн отчет киргизилет жана уюмдун мурдагы караштуулугу боюнча да, ошондой эле жаңы караштуулугу боюнча да берилет. Финансылык отчеттуулукка отчеттордун айрым беренелеринин аныктыгын тастыктаган мүлктү жана милдеттенмелерди инвентаризациялоо актылары тиркелүүгө тийиш. Консолидациялоодо уюмдун жаңы караштуулугу боюнча отчеттуулугу киргизилет.