Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 5-августу № 6
Күмүштак айыл аймагынын Кыргызстан айылындагы “Мекенчил” бала бакчасынын атын өзгөртүү жөнүндө
Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө Мыйзамынын 19-беренесин жетекчиликке алып, Кыргызстан айылындагы “Мекенчил” бала бакчасынын атын өзгөртүп Баткен согушуна катышып, курман болгондон кийин Ата-Мекен Баатыры наамын алган Жаңыбай уулу Тилектин ысымын коюу керектигин карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык кеңешининдепутаттарынын IX сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айыл аймагынын Кыргызстан айылындагы “Мекенчил” бала бакчасынын аты Баткен согушуна катышып курман болгон Ата-Мекен Баатыры “Жаңыбай уулу Тилек” атындагы бала бакчасы деп өзгөртүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Жекшеналы уулуна милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Б.Акматов |