Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 31-декабры № 1180-т
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын кыргыз-казак участогундагы “Төмөнкү-Чүй – автожол” өткөрүү пунктунун иштешин кайра жандандыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2026–2028-жылдарга “Төмөнкү-Чүй – автожол” өткөрүү пунктунун ишин кайра жандандыруунун жана Сокулук районунун Фрунзе айылы – “Төмөнкү-Чүй – автожол” өткөрүү пункту каттамы боюнча автожолду куруунун тиркелген жол картасы (мындан ары – Жол карта) бекитилсин.
2. Жол картаны ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору:
1) белгиленген мөөнөттө Жол картаны аткаруу боюнча чараларды көрсүн;
2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Жол картаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 30унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Жол картаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты берип турсун.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |