Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз IX- сессиясы
2025-жылдын 15-октябры № 124
Каракол айыл аймагында Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын же курултайын чакыруу жөнүндө
2025-жылдын 22-сентябрындагы “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” № 270 сандуу Жарлыгынын жана Кезектеги IV-Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы №1 протоколу менен бекитилген негизги иш-чаралардын календардык планына ылайык Каракол айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйыны же курултайы 2025-жылдын 1-ноябрында саат 11.00 Арал айылынын Асылбек Медетов атындагы маданият үйүнө чакыртылсын.
2. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө Жобого ылайык жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын же курултайынын катышуучуларынын жалпы саны 80 өкүл болуп белгиленсин.
3. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынына же курултайына өкүлдөрдү шайлоо максатында жыйындарды өткөрүү боюнча Каракол айыл аймагы 3 тиешелүү болүктөргө б.а. Көпүрө-Базар, Үч-Эмчек жана Арал болуп бөлүнсүн.
4. Календардык план менен белгиленген мөөнөттөргө жана Каракол айыл аймагынан Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын же курултайын уюштуруунун жана өткөрүүнүн иш-чаралар планына ылайык Каракол айыл аймагындагы айылдарда жыйындарды өткөрүү графиги бекитилсин (График тиркелет).
5. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынына катышуучулардын квотасы айылдарда жашаган жергиликтүү калктын жалпы санына жараша төмөндөгүдөй болуп бекитилсин. Алар:
- Көпүрө-Базар айылынан 32 өкүл,
- Үч-Эмчек айылынан 18 өкүл,
- Арал айылынан 30 өкүл.
6. Коомдоштуктардын жергиликтүү жыйындарын өткөрүүгө төмөндөгү айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери жана айылдык кеңештин депутаттары
- Батырова Элмира Малабаевна,
- Тайтекеев Эрнис Рысбекович,
- Тилекова Эльвира Руслановна,
- Сулайманов Бакыт Досумбекович,
- Кубанычбекова Бактыгуль Анарбаевна
- Ибраимова Калыйпа Исмаиловна жооптуу катары дайындалсын жана жумушчу топтун курамына киргизилсин.
7. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын же курултайын жана жергиликтүү жарандардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы бекитилсин (Курамы тиркелет).
8. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каракол айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
9. Токтомдун аткарылышы жеке өзүмдүн көзөмөлүмө коюлсун.
Төрага |
| Э. Р. Тилекова |
|
| Бекитилген Айылдык Кеңештин 2025-жылдын 15-октябрындагы кезектеги сессиясынын № 124 токтому менен бекитилген |
Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын жана жергиликтүү жарандардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
№ | Жумушчу топтун курамына кирген айыл тургундарынын аты жөнү
| Иштеген жери | Жумушчу топто ээлеген орду | Эскертүү |
1 | Тилекова Эльвира Руслановна | К.Нанаев атындагы Арал орто мектебинин соц.педагогу | Жумушчу топтун төрайымы |
|
2 | Ибраимова Калыйпа Исмаиловна | Айылдык кеңештин жооптуу катчысы | Жумушчу топтун жооптуу катчысы |
|
МҮЧӨЛӨРҮ:
| ||||
1 | Шабданова Айбү | Аялдар Кеңешинин мүчөсү | Жумушчу топтун мүчөсү |
|
2 | Курамаев Ормошбек Абдылдаевич | I,III-Элдик Курултайдын делегаты | Жумушчу топтун мүчөсү |
|
3 | Чыналиева Сүйүмкан | 1-Элдик Курултайдын делегаты | Жумушчу топтун мүчөсү |
|
4 | Батырова Элмира Малабаевна | Айыл башчы | Жумушчу топтун мүчөсү |
|
5 | Рыскулова Гүлмира Саатбековна | долбоорду башкаруу жана киреше боюнча адис | Жумушчу топтун мүчөсү |
|
6 | Жумагулова Найчакүл Базарбековна | Соц. кызматкер | Жумушчу топтун мүчөсү |
|
7 | Тайтекеев Эрнис Рысбекович | Айыл башчы | Жумушчу топтун мүчөсү |
|
8 | Жунушов Нуржан Көкталович | Аскердик эсепке алуу столунун кызматкери | Жумушчу топтун мүчөсү |
|
9 | Каныбекова Асель Марлисовна | Соц. кызматкер | Жумушчу топтун мүчөсү |
|
10 | Укуева Апалкан Атакуловна | Уюштуруу иштери жана коомдук тартип боюнча айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси | Жумушчу топтун мүчөсү |
|
11 | Сулайманов Бакыт Досумбекович | Айылдык кеңештин депутаты, Р.Айдаралиев атындагы орто мектебинин мугалими | Жумушчу топтун мүчөсү |
|
12 | Раманкулов Эдилбек Надырбекович | Айылдык кеңештин депутаты, айылдык Жаштар комитетинин мүчөсү | Жумушчу топтун мүчөсү |
|
13 | Кубанычбекова Бактыгуль Анарбаевна | Айылдык кеңештин депутаты, “Нур Желеси ”мектепке чейинки билим берүү ишканасынын жетекчиси | Жумушчу топтун мүчөсү |
|
14 | Бейшеналиев Төрөгазы Жакыпбекович | Маданият кызматкери | Жумушчу топтун мүчөсү |
|
15 | Түлөбердиев Нурсултан Алдиярович | Маданият кызматкери | Жумушчу топтун мүчөсү |
|
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы |
| К.Ибраимова |
|
| Бекитилген Айылдык Кеңештин 2025-жылдын 15-октябрындагы кезектеги сессиясынын № 124 токтому менен бекитилген |
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНДА ӨТҮЛҮҮЧҮ КООМДОШТУКТАРДЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЖЫЙЫНДАРЫН ӨТКӨРҮҮ ГРАФИГИ
№ | Айылдар дын аталышы | Өтүлүүчү жери | Өткөрүү графиги | жооптуулар | Байланыш телефону | Өкүлчүлүктүү жыйынга катышууга коомдоштуктар дын жергиликтүү жыйындарынан шайланган өкүлдөрдүн саны | Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөр дүн жалпы саны |
1 | Арал айылы | А.Медетов атындагы маданият үйү | 21.10.2025 11-00 | К.Ибраимова Э.Тилекова | 0704042568 0705684904 | 30 | Баардыгы
80 өкүл
|
2 | Үч-Эмчек айылы | Айылдын маданият үйү | 21.10.2025 13-00 | Э.Тилекова Э.Тайтекеев | 0705684904 0706775528 | 18 | |
3 | Көпүрө-Базар айылы | Айылдын маданият үйү | 21.10.2024 11-00 | Б.Сулайманов Э.Батырова | 221004129 0708584247 | 32 |
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы |
| К.Ибраимова |