Загрузка документа…
БЕШ-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Беш-Таш айыл аймагынын айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги 5 сессиясы
2025-жылдын 8-октябры № 47
Беш-Таш айыл аймагында Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү
жыйынынын чакыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №275-Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы №20-10441-Тескемесинин негизинде Беш-Таш айылдык Кеңешинин IX-чакырылышынын кезектеги 5 сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйыны 2025-жылдын 1-ноябрында саат 11.00 Кум-Арык айылынын маданият үйүнө чакырылсын.
2. Уюштуруу комитети бекиткен жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүк ченемине ылайык жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларынын жалпы саны 80 адам болуп белгиленсин.
3. Жергиликтүу коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча Беш-Таш айыл аймагы 10 тиешелүү аймактарга б.а. Көк Кашат, Кызылтуу, Кум Арык, Козучак, Арашан, Бал-Бал, А.Огонбаев, Калба, Эркесары жана Беш-Таш аймакка бөлүнсүн.
4. Жергиликтүу коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү графиги бекитилсин.(№1 тиркеме тиркелет)
5. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынына Кок Кашат айылынан 10 адам, Кызыл-Туу айылынан 16 адам, А.Огонбаев айылынан 15 адам, Эрке-Сары айылынан 2 адам, Калба айылынан 6 адам, Козучак айылынан 8 адам, Бал-Бал айылынан 5 адам, Арашан айылынан 5 адам, Кум Арык айылынан 11 адам жана Беш-Таш айылынан 2 адам курултайдын делегаты болуп шайлансын.
6. Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынынын же курултайын өткөрүүгө жумушчу топту айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери белгиленсин. (№2 тиркеме тиркелет).
7. Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү графиги 2025-жылы 1-ноябрь күнү саат 10.00 дө Кум-Арык айылынын Маданият үйүндө өткөрүлсүн.
8. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Беш-Таш айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
Төрага |
| Сатыбек уулу Максат |
|
| Беш-Таш айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-октябрь №47 токтому менен бекитилди №1 тиркеме |
Беш-Таш айыл аймагы боюнча Курултайдын графиги
№ | Айылдын аталышы | Өтүлүүчү жери | Жооптуу кызматкерлер | Өткөрүү күнү | Калк тын саны | Делегат тардын саны | Катыша турган адамдардын саны |
1 | Көк-Кашат | А.Огонбаев о.м | Молдояров Бактыбек | 17.10.2025 10.00 | 2331 | 10 | 80 |
2 | Кызыл-Туу | Байсейит уулу Эшманбет о.м | Молдояров Бактыбек Иманкулов Ринат | 17.10.2025 14.00 | 3712 | 16 | 100 |
3 | А.Огонбаев | М.Козубековао.м | Өмүрбекова Дамира | 20.10.2025 11.00 | 3373 | 15 | 100 |
4 | Эрке-Сары | Эрке-Сары башталгыч о.м | Дүйшеев Алибек | 20.10.2025 13.00 | 430 | 2 | 60 |
5 | Калба | А.Солтонов о.м | Бериков Каныбек Усупбекова Айгүл | 20.10.2025 15.00 | 1563 | 6 | 100 |
6 | Кум-Арык | Маданият үйү | Исаков Эмил | 21.10.2025 10.00 | 2612 | 11 | 100 |
7 | Козучак | М.Мамбетов о.м | Исаков Эмил Эстебесов Акинбек | 21.10.2025 12.00 | 1808 | 8 | 100 |
8 | Арашан | Арашан о.м | Жолтоев Сыймык | 22.10.2025 10.00 | 1256 | 5 | 80 |
9 | Бал-Бал | Бал-Бал о.м | Абдылдаев Майрамбек | 22.10.2025 12.00 | 951 | 5 | 80 |
10 | Беш-Таш | Маданият үйү | Абдылдаев Майрамбек | 22.10.2025 12.00 | 420 | 2 | 60 |
| Бардыгы |
|
|
| 18456 | 80 |
|
Жооптуу катчы |
| Достук кызы А |
|
| Беш-Таш айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-октябрь №47 токтому менен бекитилди №2 тиркеме |
Беш-Таш айыл аймагынын Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
-Молдояров Бактыбек ;
-Алымбай уулу Султан;
-Иманкулов Ринат;
-Осмонбеков Руслан;
-Бериков Каныбек;
-Өмүрбекова Дамира;
-Дүйшеев Алибек
-Усупбекова Айгүл;
-Абдылдаев Майрамбек;
-Кабылбеков Нуржигит;
-Исаков Эмил;
-Жолтоев Сыймык;
Жооптуу катчы |
| Достук кызы А |