Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алыш айылдык кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү
11-сессиясы
2025-жылдын 14-октябры № 121
Чоң-Алыш айыл аймагында Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270-Жарлыгынын негизинде Чоң-Алыш айылдык Кеңешинин IX-чакырылышынын кезектүү11-сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйыны 2025-жылдын 1-ноябрында саат 10-00до Манас айылынын Ш. Жумагулов атындагы орто мектебинин жыйындар залына чакырылсын.
2. Уюштуруу комитети бекиткен жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүк ченемине ылайык жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын катышуучуларынын жалпы саны 50 адам болуп белгиленсин.
3. Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү боюнча Чоң-Алыш айыл аймагы 3 тиешелүү аймактарга бөлүнсүн.
4. Календардык план менен аныкталуучу мөөнөттөргө ылайык бөлүктөргө жарандардын жыйынын өткөрүү графиги тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынды өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы бекитилсин (курамы тиркелет).
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чоң-Алыш айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышы жеке өзүмдүн көзөмөлүмө коюлсун.
Төрага |
| Т. Бейшеналиев |
Чоң-Алыш айыл аймагы боюнча Курултайдын графиги
№ | Айылдардын аталышы | Өтүлүүчү жери | Өткөрүү графиги | жооптуулар | телефон | Катыша турган адамдардын саны |
1 | Манас айылы
| Ш.Жумагулов о.м. | 17.10.2025 14-00 | З.Исманова | 0704050465 | 50 |
2
| Чат-Базар айылы
| А.Оторбаев о.м | 21.10.2025 10-00
| М.Ботошева
| 0707617879
| 50
|
3 | Кара-Суу айылы
| А.Карыпкулов о.м. | 21.10.2025 14-00 | А.Касымбеков | 0702310573 | 50 |
|
| Тиркеме Чоң-Алыш айылдык кеңеши 2025-жылдын 14-октябрь № 121 токтому |
IV Элдик Курултайды өткөрүүнү уюштурууга жана техникалык жактан камсыздоого көмөктөшүү боюнча жумушчу топтун курамы
Т.Бейшеналиев – айылдык кеңештин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;
З.Исманова – айылдык кеңештин катчысы, жумушчу топтун катчысы.
Мүчөлөрү:
А. Касымбеков – Карасуу айылынын айыл башчысы;
Н. Ибраимова – Кара-Суу айылынын китепканачысы;
А. Орозбаева- Кара-Суу айылынын соц.кызматкери;
Н. Асанова- А.Карыпкулов атындагы орто мектебинин директору, айылдык кеңештин депутаты;
М. Мадраимова- айыл тургуну, айылдык кеңештин депутаты;
А. Ботошева- Чат-Базар айылынын айыл башчысы;
Э. Бабашова- Чат-Базар айылынын китепканачысы;
Б. Абакиров- айыл тургуну;
Т. Тууганбаева – айылдык кеңештин депутаты;
К. Абдрахманов- айылдык кеңештин депутаты;
Э. Кашкаралиев – Манас айыл тургуну;
М. Эрдешов – Манас айыл тургуну;
Р. Дыйканбаева – соц.кызматкер;