Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-февралындагы № 140 токтомуна)
Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө
типтүү жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобо (мындан ары – Типтүү жобо) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык иштелип чыккан жана региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын пайдалануу тартибин аныктайт.
2. Региондорду өнүктүрүү фонду (мындан ары – Фонд) юридикалык жакты түзбөстөн түзүлөт жана иштейт, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында ачылуучу жана тейленүүчү эсептерди билдирет.
3. Фонддун каражаттары республикалык бюджеттин каражаттарынан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келип түшкөн башка чегерүүлөрдөн түзүлөт жана бюджеттик жана атайын эсептерде топтолот.
4. Облустун фондунун каражаттарын натыйжалуу башкаруу, бөлүштүрүү жана өздөштүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ал эми Райондун фондунун каражаттары үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы жеке жоопкерчилик тартат.
5. Фонддун каражаттарын башкаруу жана пайдалануу мыйзамдуулук, ачыктык, айкындуулук, сарамжалдуулук жана натыйжалуулук принциптерине ылайык жүзөгө ашырылат.
2-глава. Ушул Типтүү жободо колдонулуучу түшүнүктөр
6. Ушул Типтүү жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
1) жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо – шаарда/айыл аймагында жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртуу жана аймактарды көрктөндүрүү боюнча жергиликтүү коомчулуктун долбоорлорун ишке ашыруу үчүн берилүүчү акча каражаттары;
2) өтүнмө ээси – Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча конкурска катышууга долбоордук өтүнмө берген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы/мамлекеттик орган/ ишкердик субъект;
3) жашыл экономика – адамдын бакубаттуулугун жогорулатууга жана бир эле учурда айлана-чөйрө үчүн тобокелдиктерди олуттуу азайтууда социалдык адилеттүүлүктү бекемдөөгө алып келүүчү, табигый капиталды сактоочу жана көбөйтүүчү, ресурстарды натыйжалуу пайдалануучу жана өлкөнүн табигый экосистемаларын сактоого дем берүүчү экономика;
4) жергиликтүү коомчулуктун демилгеси – шаардын/айыл аймагынын аймагында жашаган тургундардын, ишкерлердин жана жарандык коомдун уюмдарынын демилгелүү топторду түзүү, шаарда/айыл аймагында жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган долбоорлорду сунуштоо, алгачкы талкуулоо, тандоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына киргизүү боюнча, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун жана ишкерлердин финансылык, материалдык жана башка ресурстарын мобилизациялоо жана Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин алкагында сунушталган долбоорлорду тандоо боюнча конкурска сунуштоо үчүн долбоорлорду даярдоо (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте) боюнча иши;