Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-февралындагы № 140 токтомуна)
Фонддордун каражаттарынын пайдаланылышына
мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча
типтүү методика
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Фонддордун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча типтүү методикада (мындан ары – Типтүү методика) колдонулуучу түшүнүктөр:
1) индикатор – кандайдыр бир натыйжага же таасирге жетишүү даражасын мүнөздөгөн көрсөткүч;
2) мониторинг – белгиленген пландарды аткаруунун жүрүшүн көзөмөлдөө жана иш жүзүндөгү аракеттердин/натыйжалардын белгиленген стандарттарга же ченемдерге ылайык келишин текшерүү үчүн маалыматтарды чогултуунун жана талдоонун үзгүлтүксүз процесси;
3) баалоо – убакыттын өтүшү менен кубулуштардын же көрсөткүчтөрдүн таасиринин натыйжалуулугун жана туруктуулугун талдоонун натыйжасы.
2. Типтүү методиканын максаты Фонддордун Байкоочу кеңештерине жана Фонддордун аткаруу органдарына Фонддордун каражаттарынын пайдаланылышына жана ишке ашырылган долбоорлорго натыйжалуу мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого (мындан ары – МБ) жардам көрсөтүү болуп саналат.
3. Фонддун аткаруу органы ар жылдык негизде, отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен, МБнын жыйынтыгы боюнча отчетторду даярдайт жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
2-глава. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын уюштуруу
4. Фонддун аткаруу органы Типтүү методиканын негизинде өзүнүн мониторинг жүргүзүү жана баалоо методикасын иштеп чыгат, ал Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен бекитилет. Фонддун аткаруу органынын сунушу боюнча Фонддун Байкоочу кеңеши Фонддун мониторинг жүргүзүү тобунун курамын бекитет. Мониторинг жүргүзүү тобунун сунушталган курамы:
1) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен дайындалган Фонддун Байкоочу кеңешинин өкүлү, мониторинг жүргүзүү тобунун жетекчиси;
2) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен мониторинг жүргүзүү тобунун курамына берилген, мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрсөткөн Фонддун Байкоочу кеңешинин өкүлү;