Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 26-январы № 28
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун
Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында жайгашкан жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” жана “Токой фондунун жерлери” категорияларынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Чакан гидроэлектр станциясын куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 5-ноябрындагы № 04-01/8013, 2025-жылдын 5-ноябрындагы № 04-01/7977 корутундуларын жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 24-октябрындагы № 32, 2025-жылдын 31-октябрындагы № 39 токтомдордун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында жайгашкан, мамлекеттин менчигинде турган жалпы аянты 31,59 га жер тилкеси чакан гидроэлектр станциясын куруу үчүн “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулсун (трансформациялансын), анын ичинде:
– “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан 14,61 га сугат айдоо (№ 321, 322, 312, 330, 332, 338, 341, 71, 514, 515, 520, 1218, 1216 контурлар), 1,36 га огород (№ 520 контур), 2,87 га кысыр аңыз (№ 60, 57, 72 контурлар), 0,25 га кайрак айдоо (№ 499 контур);
– “Токой фондунун жерлери” категориясынан – Чаткал токой чарбасынын аймагында жайгашкан жерлердин түрлөрү: жалпы аянты 12,5 га жайыт, токой бактары, сугат айдоо, башка жерлер, жолдордун жана дарыялардын алдындагы жер (№ 22, 23 жана 24 кварталдар).
2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
– жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
– бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
– бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинин аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
– бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсундөгү мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
– Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык тарыхый-маданий мурас объекттерин күтүүнү жана коргоону, ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинде казуу жана курулуш иштерин жүргүзүүдө археологиялык көзөмөл үчүн адис-археологду тартууну;
– бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкеси пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны алып коюуну жана баштапкы абалга келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
– “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автомобиль жолунун бөлүнгөн тилкесин сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 30-январындагы №6 (3766) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |