Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-октябры № 1
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 ”Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу жөнүңдө
Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 33-чакырылышынын кезектеги сессиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №270 Жарлыгын аткаруу жөнүндөгү маалыматтарды угуп, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №270 Жарлыгы аткарууга алынсын.
2. 2025-жылдын 22-23-декабрларында Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарында Кезектеги IV Элдик Курултай чакырылгандыгы эске алынсын.
3. Кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо үчүн, биринчи этап-жарандар-дын жыйындары, экинчи этап- жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын же курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планы 1-тиркемеге, уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 2- тиркемеге, жыйындарды өткөрүү графиги 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо үчүн экинчи этап-жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын же курултайын 2025-жылдын 1-ноябрында Кызыл-Октябрь айылында клубда өткөрүлсүн, делегаттардын саны 80 адам деп белгиленсин. Акназаров айыл аймагынан IV Элдик Курултайга 2 делегат шайлансын.
5. Ушул токтом менен бекитилген Кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо үчүн негизги уюштуруу-практикалык иш чаралардын календардык планына жараша өз мөөнөтүндө аткаруу боюнча конкреттүү чаралар көрүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төраганын орун басары |
| Р.Кожоматов |
|
| Тиркеме №1 2025-жылдын 14-октябрын- дагы №1 токтому менен бекитилген |
Акназаров айыл аймагында жарандардын жыйынын жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын же курултайын уюштуруу, өткөрүү жана Кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планы
№ | Иш чаралар | Өткөрүү убактысы | Жооптуулар |
Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын жер-жерлерден шайлоо | |||
1. | Жергиликтүү кеңеш тарабынан кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жарандардын жыйындарын, жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын же курултайын өткөрүү - алардан датасын, убактысын жана өтүүчү жерин аныктоо; - жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын же курултайын катышуучу өкүлдөрдүн санын квотага ылайык бекитүү; -жыйындарды /чогулуштарды өткөрүү графигин бекитүү жөнүндө токтомду сессияда кабыл алуу; | 2025-жылдын 15- октябрына чейин | Жергиликтүү кеңеш жана айыл өкмөтү |
2. | Жарандардын жыйындарын, жергиликтүүү коомдоштуктардын жыйынын же курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топту түзүү (курамы 5-11 адам) | 2025-жылдын 14-октябры . | Айылдык кеңеш, айыл өкмөт, коомдук уюмдар. |
3. | Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынына же курултайына делегаттарды шайлоо боюнча жарандардын жыйындарын /чогулуштарын өткөрүү-2 күн | 2025-жылдын 21-22-октябры . | Жергиликтүү кеңеш, жарандардын жыйындарын,жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын же курултайды өткөрүү боюнча жумушчу топ, айыл өкмөтү координациялайт. |
4. | Жергиликтүү кеңешке жарандардын жыйындарынын протоколдору жана делегаттардын тизмесин жалпылоо | 2025-жылдын 28-октябрына чейин. | Жарандардын жыйындарын, жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын же курултайды өткөрүү боюнча жумушчу топ |
5. | Кезектеги IV Элдик курултайды н делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүүү коомдоштуктардын жыйынына же курултайына тизме, сапаттык жана тармактык курамы боюнча маалымат, жыйындын күн тартибин даярдоо жана жергиликтүүү коомдоштуктардын жыйынына же курултайына өткөрүү | 2025-жылдын 30-октябрына чейин
2025-жылдын 1-ноябры (ишемби) | Жергиликтүү кеңеш, жарандардын жыйындарын, жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын же курултайды өткөрүү боюнча жумушчу топ |
6. | Кезектеги IV Элдик Курултайда көтөрүлүүчү үчтөн көп эмес маселелерди аныктоо жана протоколго киргизүү. | 2025-жылдын 1-ноябры | Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын же курултайды өткөрүү боюнча жумушчу топ |
7.
| Кезектеги IV Элдик курултайдын делегаттарынын тизмелерин шайлоо тууралуу протоколдорду жана толтурулган анкетаны, пас-порт көчурмөлөрүн жана сүрөт-төрдү (3*4 кызыл фондо 2 даана) Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетине жөнөтүү. | 2025-жылдын 3-ноябрына чейин | Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын же курултайын өткөрүү боюнча жумушчу топ |
Маалыматтык камсыз кылуу
8. | Жарандардын жыйындарын жана чогулуштарды өткөрүү убактысы, орду жана күн тартиби жөнүндө жергиликтүү кооомдоштук-тардын мүчөлөрүнө жарыя кылуу. | 2025-жылдын 21-октябрына чейин | Жарандардын жыйындарын өткөрүү боюнча жумушчу топ |
9. | Айыл аймагы боюнча жергиликтүүү коомдоштуктардын жыйынын же курултайын өткөрүүнүн графигин, убакты сын, ордун жарыялоо. | 2025-жылдын 1-ноябрына чейин | Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын же курултайын өткөрүү боюнча жумушчу топ |