Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 31-январы № 48-т
“Бишкек шаарында көп функциялуу комплекстин курулушу” инвестициялык долбоорун ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “Hyper Partners” жоопкерчилиги чектелген коому түрүндөгү чет өлкөлүк ишкананын ортосундагы “Бишкек шаарында көп функциялуу комплекстин курулушу” инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу кошумча макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Бишкек шаарынын мэрине жогоруда аталган Кошумча макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |