Загрузка документа…
Тиркеме
Айыл чарба кооперативдерин түзүү жана аларга жеткиликтүү колдоо көрсөтүү боюнча иш-чаралар планы
№ | Милдеттер | Иш-чаралар/Аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары |
1 | Республиканын ар бир районунда бир айылдын деңгээлинде милдеттүү түрдө «көлөмдүү бир продукт» өндүргөн бириккен айыл чарба кооперативдерин жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн бирикмелерин уюштуруу, аларды каттоодон өткөрүүгө жардам берүү | Пилоттук ири айыл чарба кооперативдерин түзүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү | 2026-жыл-дын ичинде | Республиканын ар бир районунда ири айыл чарба бирикмелери түзүлдү жана сапаттуу айыл чарба продукциясын ири масштабда өндүрүү жүзөгө ашырылууда | КРП облустардагы ЫУО, ЖМА, РАӨБ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), САЧКӨМ | Кооперативдер-дин өздүк каражаттары, райондук өнүктүрүү фондорру |
2 | Региондун географиялык, климаттык өзгөчөлүктөрүн, өндүрүштүн адистешүүсүн жана финансы ресурстарын эске алуу менен бириккен айыл чарба кооперативинин өндүрүшүнүн бизнес-планын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү | Географиялык-климаттык шартты эске алуу менен кооперативди өнүктүрүүнүн техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн камтыган бизнес-план иштеп чыгуу | 2026-жыл | Түзүлгөн ири кооперативдердин өнүгүү багыттары аныкталды жана тиешелүү иш-чаралар планы түзүлдү | ЖМА, РАӨБ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Кооперативдер-дин өздүк каражаттары |
3 | Түзүлгөн ири айыл чарба кооперативдерине асылдуулугу төмөн жайыттарды өздөштүрүү жана чарбачылык жүргүзүү үчүн жердин максаттуу багыты өзгөргөндөн кийин 20 жылга чейинки мөөнөткө, кийин айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин курамына киргизүү менен биринчи кезекте белгиленген тартипте берүү | Айыл чарба жерлерин натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү | 2026–2030- жылдар | Ири бирикмелер жер ресурстары менен камсыз болушту жана айыл чарба продукциясын өндүрүү үчүн шарттар түзүлдү. Айдоо жер аянттары көбөйдү | ЖМА, РАӨБ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Жер агенттиги | Кооперативдер-дин өздүк каражаттары |
4 | Бириккен айыл чарба кооперативдеринин айдоо аянттарын сугат суу менен толук камсыз кылуу | Айдоо аянттарын сугат суу менен натыйжалуу камсыздоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу | 2026–2030-ж. | Ири кооперативдер сугат суу менен толук камсыз болушту | СРК, РАӨБ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Тиешелүү кызматтардын бюджеттик каражаттары жана сугат суусуна болгон төлөм |
5 | Сугат сууларын сарамжалдуу пайдалануу максатында суу сактагычтарды, каналдарды жана башка гидротехникалык курулмаларды куруу, калыбына келтирүү | Суу сактагытарды, каналдарды жана башка гидротехникалык курулмаларды куруу, калыбына келтирүү боюнча иштерди аткаруу | 2026–2030-ж. | Сугат системалары калыбына келтирилип, суу ресурстары сарамжалдуу пайдаланылууда | СРК | Ишке тартылган министрлик-тердин жана ведомстволор-дун тийиштүү жылдарга бекитилген каражаттары-нын чегинде, кооперативдер-дин өздүк каражаттары жана райондук өнүктүрүү фонддорунун каражаттары |
6 | Кооперативдер үчүн инфраструктуралык шарттарды түзүү, электр энергиясы менен камсыздоо жана колдонулбай турган имараттарды, гараждарды, ремонттук устаканаларды жана кампаларды ижарага берүү | Колдонулбай турган объекттерди ижарага берүү жолу менен аларды натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү
| 2026–2030-ж.
| Бириккен айыл чарба кооперативдеринин өндүрүшүнүн өсүшү үчүн шарттар түзүлдү, инфраструктура жакшыртылды | ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), | Кооперативдер-дин өздүк каражаттары |
7 | Бириккен товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик БТӨК, АЖКК долбоорлору, облустук жана райондук өнүктүрүү фонддору аркылуу кредит берүү | Кооперативдерди кредиттик финансылык ресурстар менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү | 2026–2030-ж.
| Ири кооперативдер мамлекеттик кредиттик каражаттар жана жеңилдиктер менен камсыз болушту, өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлдү | «Айыл Банк» ААК (макулдашуу боюнча), «Элдик Банк» ААК (макулдашуу боюнча), региондук өнүктүрүү фонддору | Мамлекеттик каражаттар, банктардын каражаттары жана субсидиялар, облустук жана райондук өнүктүрүү фонддорунун каражаттары |
8 | Айыл чарба кооперативдерине кредит берүү талаптарын жана шарттарын жөнөкөйлөтүү жана кооперативдин ар бир мүчөсүнүн кооперативдин иши менен байланышпаган жеке кредиттерин жана милдеттенмелерин карап чыгуусуз, кооператив сунуштаган бизнес- долбоорлордун жана күрөөнүн негизинде финансыларды жана кредит берүү | Кредит берүү талаптарын жана шарттарын жөнөкөйлөтүү, ийкемдүү механизмди киргизүү
| 2025–2026-ж.
| Субъекттердин долбоорлор аркылуу жеңилдетилген кредитти убагында алуу мүмкүнчүлүгү жакшыртылды | САЧКӨМ, «Айыл Банк» ААК (макулдашуу боюнча), «Элдик Банк» ААК (макулдашуу боюнча)
| Орду жабылуучу кредиттер |
9 | Жеңилдетилген кредиттерди алууда күрөөгө жерлерди, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы № 49 Мыйзамынын 4-беренесине ылайык киргизүү | Жеңилдетилген кредит алууда күрөө менен камсыздоо | 2025–2026-ж. | Жеңилдетилген кредит алуу жана өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлдү | «Айыл Банк» ААК (макулдашуу боюнча), «Элдик Банк» ААК (макулдашуу боюнча) | Бюджеттик каражаттарды талап кылбайт |
10 | Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү жеңилдетилген кредит алууда күрөөгө коюла турган мүлкү жетишсиз болгон учурда кепилдик берүүнү камсыздоо | Жеңилдетилген кредиттерди алууда камсыз кылуу үчүн күрөөнү камсыздоо | 2026–2030-ж. | Жеңилдетилген кредит алууга жана өнүктүрүүгө шарт түзүлдү | «Кепилдик фонду» ААК (макулдашуу боюнча) | «Кепилдик фонду» ААКтын каражаттары |
11 | Кооперативдердин өндүрүштүк сезондуулугуна жараша кредиттерди төлөөнүн ийкемдүү графигин киргизүү | Кредиттерди төлөөнүн ийкемдүү графигинин механизмин иштеп чыгуу | 2026–2027-ж. | Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлдү | «Айыл Банк» ААК (макулдашуу боюнча), «Элдик Банк» ААК (макулдашуу боюнча) | Бюджеттик каражаттарды талап кылбайт |
12 | Айыл чарба кооперативдери үчүн мамлекеттин колдоосу менен ишке ашырылуучу лизингдик долбоорлор аркылуу айыл чарба техникасын, атайын техниканы жана технологиялык жабдууларды жеңилдетилген шарттарда лизингге берүү | Жеңилдетилген кредит алууга жана өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү | 2026-2030- жж. | Шарттар жакшыртылды, материалдык-техникалык базалар чыңдалды, ири кооперативдер заманбап айыл чарба техникалары жана технологиялар менен камсыздалды | «Айыл Банк» ААК (макулдашуу боюнча), «Элдик Банк» ААК (макулдашуу боюнча) | Бюджеттик каражаттар, банктардын каражаттары, субсидиялар жана лизингге алуучулардын өздүк каражаттары |
13 | Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору аркылуу «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоорунун (30 млн АКШ доллары) жана «Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү» долбоорунун (35 млн АКШ доллары) каражаттарынын эсебинен кооперативдерди каржылоо | Кооперативдерди каржылоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү | 2026–2030-ж. | Кооперативдердин материалдык-техникалык базалары чыңдалып, өндүрүштүн көлөмү көбөйдү | Агробизестин атаандаштык-ка жөндөм-дүүлүк борбору | Дүйнөлүк банктын каражаттары
|
14 | «Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу нарк чынжырларын өнүктүрүү» долбоору (40 млн АКШ доллары) аркылуу кооперативдерди каржылоо | Кооперативдерди каржылоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү | 2026–2030-ж. | Өндүрүштүн көлөмү жана продукциянын сапаты жогорулады | АДИБ | Азия өнүктүрүү банкынын каражаттары |
15 | Кооперативдерди арзандатылган баадагы күйүүчү майлар жана жер семирткичтер менен мамлекеттик камсыздоо | Өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүү | 2026–2030-ж. | Кооперативдер арзан баадагы сапаттуу күйүүчү жана майлоочу майлар жана жер семирткичтер менен камсыз болушту | САЧКӨМ, ММРФ | Ишке тартылган министрлик-тердин жана ведомстволор-дун тийиштүү жылдарга бекитилген каражаттары-нын чегинде |
16 | Асыл тукум малды көбөйтүү боюнча иштерди жүргүзүү үчүн айыл чарба кооперативдерин ири мүйүздүү асыл-тукум мал жаныбарларынын уругу менен камсыз кылуу | Кооперативдерди өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүү | 2026–2030-ж. | Кооперативдер ири мүйүздүү асыл-тукум мал жаныбарларынын сапаттуу уругу менен камсыз болушту | КМЧЖИИИ, ВМЧӨЖТК | Ишке тартылган министрлик-тердин жана ведомстволор-дун тийиштүү жылдарга бекитилген каражаттары-нын чегинде |
17 | Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн сатып алуу үчүн кооперативдерди субсидиялоо | Үрөндөрдү сатып алуу үчүн жеңилдетилген шарттарды түзүү | 2026–2030-ж. | Кооперативдер сапаттуу, сертификатталган үрөндөр менен камсыз болушту | САЧКӨМ, ФМ, АЧӨБЭБД | Ишке тартылган министрлик-тердин жана ведомстволор-дун тийиштүү жылдарга бекитилген каражаттары-нын чегинде |
18 | Кооперативдер үчүн жер семирткичтер, ветеринардык препараттар, вакциналар, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, заманбап техника боюнча консультациялар | Кооперативдерди өнүктүрүү үчүн маалыматты жайылтуу жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү | 2026-жыл | Майда товар өндүрүүчүлөр агрардык сектордун бардык багыттары боюнча толук маалымат алышты | Департамент-тер жана илимий-изилдөө иниститут-тары | Бюджеттик каражаттарды талап кылбайт |
19 | Эл аралык донорлордун инвестицияларын тартуу жана кооперативдерди колдоо үчүн финансылык-кредиттик механизмди өркүндөтүү | Кооперативдердин өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн кеңейтилген шарттарды түзүү | Дайыма | Каржылоо шарттары жакшыртылды жана өндүрүштүн көлөмү өстү | САЧКӨМ, КРП облустардагы ЫУО, ЖМА, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | Бюджеттик каражаттар талап кылынбайт |
20 | Региондорго майда товар өндүрүүчүлөрдү бириктирген ири кооперативдерди түзүү боюнча маалыматтык жана жарнамалык колдоо көрсөтүү | Маалыматтарды жайылтуу жана кооперативдердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү | Дайыма | Бириккен товар өндүрүүчүлөрдүн маалымдуулугу жогорулады | КРП облустардагы ЫУО, ЖМА, РАӨБ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Бюджеттик каражатты талап кылбайт |
21 | Ар бир райондо жаңы түзүлгөн жана иштеп жаткан айыл чарба кооперативдери жөнүндө жана аларга көрсөтүлгөн колдоо жөнүндө маалымат берүү | Кооперативдердин санын эсепке алуу жана алардын ишине мониторинг жүргүзүү | 2026–2030-ж. | Кооперативдер жана алардын иши жөнүндө статистикалык маалыматтар базасы түзүлдү | Тиешелүү мамлекеттик органдар, КРП облустардагы ЫУО, ЖМА, РАӨБ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Бюджеттик каражатты талап кылбайт |