Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 5-марты № 138-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 22-июлундагы № 202 «Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу, майда товардык өндүрүштү ирилештирүү процессине дем берүү, бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү, техникалык жактан кайра жабдуу, айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүү, өндүрүлгөн продукциянын өздүк наркын төмөндөтүү жана калктын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 22-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Айыл чарба кооперативдерин түзүү жана аларга жеткиликтүү колдоо көрсөтүү боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш- чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга катышкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары:
1) Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттөрдө милдеттүү түрдө аткаруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
2) ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары менен биргеликте мисал катары ар бир райондо бирден кем эмес бириккен пилоттук ири айыл чарба кооперативин түзүү боюнча ишти уюштурсун, жаңы түзүлгөн жана иштеп жаткан айыл чарба кооперативдерине ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |