Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 19-февралы № 120
Бишкек шаарынын Ленин районунда (мурдагы Орок айылы) курулуп жаткан футбол стадионунун айланасындагы аймакты пайдаланууга карата атайын талаптарды белгилөө жөнүндө
Стратегиялык объекттин коопсуздугун камсыз кылуу, анын иштөө жана эксплуатациялоо режимин белгилөө максатында, «Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн объекттерди кошпогондо, Бишкек шаарынын Ленин районунда (мурдагы Орок айылы) курулуп жаткан футбол стадионунан 500 метр радиуста жердин деңгээлинен 20 метр (3 кабат) жогору бийиктиктеги кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга, реконструкциялоого жана башка өзгөртүүлөргө жол берилбейт деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 13 (3773) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |