Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 9-марты № 161
Ош шаарынын аймагында жайгашкан жер тилкесин
«Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Индустриялык-логистикалык борборду куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6, 122-пункттарына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Ош шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 15-январындагы № 18 жана 2025-жылдын 20-июнундагы № 578 токтомдорун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Ош шаарында № 1090 контурда жайгашкан Ядгаров Абдулхамит Бахтияровичтин жеке менчигинде турган жалпы аянты 1,20 га сугат айдоо жер тилкеси индустриялык-логистикалык борборду куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Ош шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
3) курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин так сакталышын эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесинин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
4) көрсөтүлгөн жер тилкесинин аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
5) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда, аларды күтүүнү жана коргоону, казуу жана курулуш иштерин жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык археологиялык көзөмөлдөө үчүн адис-археологду тартууну;
6) Сулайман-Тоо тоосунун корголгон аймактарында коргоонун жана пайдалануунун өзгөчө режимин сактоону, ошондой эле көп кабаттуу имараттарды куруу башталганга чейин эл аралык маанидеги мурас объектине жана анын корголгон аймактарына таасирди баалоону жана ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар борбору менен макулдашууну;
7) Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоону;
8) «Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автомобиль жолунун бөлүнгөн тилкесин сактоону;
9) жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкеси пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны баштапкы абалга келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөөнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 10-мартындагы № 18 (3778) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |