Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 19-марты № 184-т
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 18-беренелерине, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 405 «Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибине, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин 2025-жылдын 15-сентябрындагы № 75 «Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине Боз-Бармак участогунда жайгашкан, жалпы аянты 19,48 га жер тилкесин өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтомуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте мамлекеттик менчикте турган, Балыкчы шаарынын түштүк-батыш бөлүгүндө, Боз-Бармак участогунун № 217 контурунда жайгашкан, идентификациялык коду 2-07-07-0010-1320, жалпы аянты 19,48 га жер тилкесин Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
2. Балыкчы шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алуу;
2) жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү;
3) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин жеке менчикке, анын ичинде сатуу, тартуу кылуу, алмашуу же муниципалдык менчиктин жоголушуна алып келүүчү башка тескөө жолу менен ээликтен ажыратууга жол бербөө;
4) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдалануу;
5) ушул тескемеден келип чыгуучу башка зарыл болгон чараларды көрүү.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |