Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 23-июлу № 405

Мамлекеттик мүлктү

муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн

тартибин бекитүү жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомдорунун редакцияларыны ылайык)

Мамлекеттик мүлктү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүүнүн тартибин аныктоо максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.У. Жапаров