Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-мартындагы № 173 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү идентификациялоо системасы жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү идентификациялоо системасы жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайык иштелип чыккан (мындан ары - Санарип кодекс), Бирдиктүү идентификациялоо системасын (мындан ары - БИС) колдонуу менен санариптик идентификациялоо жана санариптик аутентификациялоо тартибин жана жол-жоболорун, санариптик идентификациялоонун натыйжаларын эсепке алуу, санариптик идентификациялоо фактылары жөнүндө маалыматтын бүтүндүгүн камсыз кылуу, БИСтин негизинде санариптик аутентификациялоо сервисин пайдалануу тартибин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылууда, анын ичинде мамлекеттик санариптик сервистерди (мындан ары - мамлекеттик сервистер) алууда идентификаторлорду пайдалануу эрежелерин, ошондой эле БИСти колдонууда санариптик өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин аныктайт.
2. Ушул Жободо пайдаланылган терминдер Санарип кодексте белгиленген маанилерде колдонулат.
3. БИС мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан кызмат адамдарын жана мамлекеттик сервистердин колдонуучуларын санариптик идентификациялоону жана санариптик аутентификациялоону жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылат.
БИСтин негизинде санариптик аутентификациялоо сервиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган максаттарда юридикалык жактар жана жеке ишкерлер тарабынан да пайдаланылышы мүмкүн.
4. БИСти колдонуу акысыз негизде жүзөгө ашырылат.
5. БИС санариптик ресурсунун ээси болуп Кыргыз Республикасы саналат, анын атынан улуттук санариптик экосистеманын тармактык жөнгө салуучусу (мындан ары - улуттук экосистема) иштейт.
6. БИСте санариптик идентификациялоо үчүн зарыл болгон же БИСти колдонуу менен санариптик аутентификациялоонун натыйжаларын камтыган санариптик жазуулар менен алмашуу "Түндүк" санариптик өз ара аракеттенүү системасы (мындан ары - "Түндүк" системасы) аркылуу ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тартибинде жүзөгө ашырылат.
7. БИСти колдонуу менен санариптик аутентификациялоодо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик биометрикалык идентификациялоо системасынан алынган санариптик жазуулар колдонулушу мүмкүн.
8. БИСтин катышуучулары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) мамлекеттик сервистердин колдонуучулары же керектөөчүлөрү;
2) улуттук экосистеманын алкагында мамлекеттик сервистерди берүүчүлөр;
3) "Түндүк" системасы аркылуу санариптик өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырууда санариптик кол тамганы текшерүү ачкычтарынын сертификаттарын түзүүнү жана берүүнү жүзөгө ашыруучу түпкү ырастоочу борбор жана аккредитацияланган күбөлөндүрүүчү борбор;
4) улуттук экосистеманын тармактык жөнгө салуучусу - БИСтин ээси, БИСтин иштетүүчүсү, эгерде ал ээси тарабынан Санарип кодекстин же келишимдин негизинде тартылса.
9. БИСте төмөнкүдөй идентификаторлор колдонулат:
1) жеке жактар үчүн - фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), туулган датасы, квалификацияланган санариптик кол тамгасы, байланыш маалыматы (жеке жактын электрондук почтасынын дареги, мобилдик түзүлүшүнүн номери);
2) юридикалык жактар үчүн - аталышы, каттоо номери (чет өлкөлүк уюмдун коду), квалификацияланган санариптик кол тамгасы.
10. Идентификаторлор БИСке өздөрү тиешелүү болгон жактан чогултуу процессинде киргизилет, ал эми алар жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ошол жакка ыйгарылат.
Байланыш маалыматы болуп саналган идентификатор өзү тиешелүү болгон жактын алдын ала макулдугу менен укуктук мамилелердин пайда болушу, өзгөрүшү, токтотулушу максатында билдирүүлөрдү, анын ичинде БИСтин санариптик ресурсунун жеке кабинетине жөнөтүү үчүн колдонулушу мүмкүн.
11. БИСтин ээси жана (же) иштетүүчүсү санариптик идентификациялоо жана аутентификациялоо сервистеринин санариптик туруктуулугун, ошондой эле Санарип кодекстин жана Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык БИСте камтылган санариптик жазуулардын жана санариптик идентификациялоо фактылары жөнүндө санариптик маалыматтардын бүтүндүгүн камсыз кылат.
12. БИСте идентификациялоодон жана аутентификациялоодон өткөн колдонуучулардын (керектөөчүлөрдүн), ошондой эле алардын идентификаторлорунун тизмеги түзүлөт.
13. Ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн тизмекти түзүү жана жүргүзүү эрежелери БИСтин иштетүүчүсү тарабынан аныкталат.