Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 5-февралы № 62-т
Көмүрдү экспорттоо мезгилинде "Торугарт-автожолу" өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө жол бербөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Мамлекеттик чек араны кайтаруу жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар бекитилген штаттык сандын жана бюджеттик каражаттардын чегинде мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай участогундагы "Торугарт-автожолу" өткөрүү пунктунун "Вектор-автожолу" чек ара контролу постун түзсүн жана иштөөсүн камсыз кылсын, белгиленген тартипте анын аймагында чек ара жана бажы контролун жүргүзсүн.
2. "Кыргызкөмүр" ачык акционердик коому ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аны менен макулдашылган өтүнмөлөрүнүн негизинде "Вектор-автожолу" чек ара контролу постунун күнүмдүк кызматтык иши үчүн шарттарды камсыз кылсын.
3. "Вектор-автожолу" чек ара контролу посту аркылуу адамдарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү экспорттоо бажы жол-жобосуна жайгаштырылган көмүрдү ташып чыгуу максатында гана 9:00дөн 22:00гө чейин жүргүзүлөт деп белгиленсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.Касымалиев |