Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 13-марты № 163-т
Бишкек шаарынын тургундарына жана меймандарына эс алуу үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 405 "Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибине, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан аянты 1,969 га, идентификациялык коду: 1-01-04-0024-0168 сейил бакты муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясынын сунушу кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик "Кыргыз темир жолу" Улуттук компания" мамлекеттик ишканасы менен биргеликте белгиленген тартипте Бишкек шаарынын тургундарына жана меймандарына эс алуу шарттарын түзүү үчүн ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
3. Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти муниципалдык менчикке кабыл алуу;
2) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашыруу;
3) жогоруда көрсөтүлгөн объектти андан ары ээликтен ажыратууну жүзөгө ашырбоо жана аны максаттуу багыты боюнча пайдалануу;
4) ушул тескемеден келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрүү.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жогоруда көрсөтүлгөн объектти белгиленген тартипте кайра каттасын.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |