Загрузка документа…
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-мартындагы № 175 токтомуна) Зергердик буюмдардын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнө баалуу металлдарды сатуу тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 639 токтомунун редакциясына ылайык) 1-глава. Жалпы жоболор 1. Бул Зергердик буюмдардын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнө баалуу металлдарды сатуу тартиби «Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдардан зергердик жана башка буюмдарды жасоо үчүн баалуу металлдарды пайдалануучу зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөргө баалуу металлдарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан сатуу тартибин регламенттейт. 2. Ушул Тартиптин максаттары үчүн төмөнкүдөй терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат: – аффинаждалган стандарттык куймалар – Лондондогу баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы тарабынан кабыл алынган эл аралык сапат стандарттарына шайкеш келген, алтындан же күмүштөн жасалган жана сертификацияланган куймалар; – аффинаждалган чендик куймалар – алтын үчүн куйманын лигатуралык массасынын 99,90 пайызынан кем эмес, күмүш үчүн куйманын лигатуралык массасынын 99,90 пайызынан кем эмес жана платина үчүн куйманын лигатуралык массасынын 99,95 пайызынан кем эмес химиялык таза негизги металлдын камтылышы менен баалуу металлдан (алтындан, күмүштөн, платинадан) жасалган жана сертификацияланган, массасы 1000 грамм жана андан кем болгон куймалар; – стандарттуу эмес формадагы аффинаждалган баалуу металлдар – аффинаждалган баалуу металлдардын стандарттык жана өлчөнгөн куймаларынын формасынан жана өлчөмүнөн айырмаланып турган кандай болбосун формадагы (стержендер, гранулдар, пластиналар, зымдар жана башкалар) жана өлчөмдөгү баалуу металлдар; – салык органы – ыйгарым укуктуу салык органынын аймактык жана/же функционалдык бөлүмдөрү; – зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөр – баалуу металлдардан жана асыл таштардан зергердик жана башка буюмдарды жасоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар жана жеке ишкерлер; – чийки зат – зергердик буюмдары өндүрүүчүлөргө берилген аффинаждалган баалуу металлдар, алардан жасалган зергердик буюмдар жана алардын сыныктары; – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – алардан жасалган буюмдарды кошпогондо, баалуу металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүү жана эсепке алуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияны жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган. 2-глава. Чийки затты сатуу тартиби 3. Ченөө жана стандарттык куймалар түрүндөгү аффинаждалган баалуу металлдар, ошондой эле алтындан, күмүштөн жасалган стандарттуу эмес формадагы аффинаждалган баалуу металлдар, зергердик буюмдар жана алардын сыныктары (мындан ары – чийки зат) сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүнүн объекти болуп саналат. |