Редакцияот 25.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 25-сентябры № 639

Салыктык башкаруу чөйрөсүндөгү

айрым маселелер жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 621, 127, 128, 129, 130 жана 131-беренелерин, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-статьясын, «Саясий партиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-статьясын, «Кесиптик бирликтер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 211-статьясын, «Кооперативдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-статьясын, «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесин ишке ашыруу, ошондой эле салыктык башкаруу, кыйыр салыктарды башкаруу жана Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери менен өз ара соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген товарларды эсепке алуу механизмдерин өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Акча каражаттарын түзүү булактары, аларды сарптоо багыттары жөнүндө, ошондой эле сатып алынган, колдонулуучу жана ээликтен ажыратылуучу мүлк тууралуу коммерциялык эмес уюмдун, саясий партиянын, кесиптик бирликтин, кооперативдин жана диний уюмдун жыйынды маалыматын берүү тартиби 1-тиркемеге ылайык;

2) акча каражаттарын түзүү булактары, аларды сарптоо багыттары жөнүндө, ошондой эле сатып алынган, колдонулуучу жана ээликтен ажыратылуучу мүлк тууралуу коммерциялык эмес уюмдун, саясий партиянын, кесиптик бирликтин, кооперативдин жана диний уюмдун жыйынды маалыматы 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген 3-тиркемеде:

– 8-пунктта «220860» деген цифралар «220890» деген цифраларга алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 81, 127, 130, 131, 329, 414 жана 415-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пунктта:

– экинчи абзац «тартиби» деген сөздөн кийин «жана максаты» деген сөздөр менен толукталсын;

– төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«– Базарлардын жана соода борборлорунун администрациялары тарабынан салыктык милдеттенмелердин жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелердин аткарылышын эсепке алууну жана контролдоону камсыз кылуу тартиби 6-тиркемеге ылайык.»;

2) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;