Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-марты № 169
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматынын) айрым маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-августундагы № 571 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматынын) кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-декабрындагы № 424 тескемесине, "Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматынын) кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн минималдуу базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматынын) кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматынын) негизги персоналынын тарифтик торчосу 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматынын) техникалык тейлөөчү жана кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициенттери 3-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
5 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги | 6281 | 770 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппарат | 135 | 40 |
| аймактык бөлүмдөр | 3963 | 216 |
| ведомстволук бөлүмдөр | 2183 | 514 |
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 791 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору (Суучулдар кызматы) жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 641 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 791 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык жумуштарды жүргүзүү борбору жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 408 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 791 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарды даярдоо Борбору жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;