Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКСИЗ XVI СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 18-марты № 16/2
«Кочкор райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин балансындагы М.Абдыкалыков атындагы спорт залын муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жөнүндө» Токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кочкор райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин балансындагы, Н.Абдыкалыков атындагы 779,67 м2 спорт залын жана 0,14 га (1400 м2) жер аянтын, анын менчигинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 405 Токтомунун “Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартиби» боюнча Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн муниципалдыкменчигине өткөрүп алууга макулдук берүү туралуу айыл өкмөтүнүн сунушун угуп, талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34,39-беренелерин жетекчиликке алып,Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. «Кочкор райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин балансындагы М.Абдыкалыков атындагы спорт залын муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жөнүндө» Токтомунда көрсөтүлгөн 668,31 м2 деген сөздүн ордуна 779,67 м2 деп жазылсын жана токтом төмөндөгүдө жазылгандай окулсун.
2. Кочкор райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин балансында турган Н.Абдыкалыков атындагы спорт залдын 0,14 га (1400 м2) жер аянты менен 779,67 м2 имараты муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берилсин.
3. Н.Абдыкалыков атындагы спорт залдын 0,14 га (1400 м2) жер аянты менен 779,67 м2 имараты муниципалдык менчикке өткөрүп берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана Кочкор райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине тиешелүү документтерин даярдалсын.
4. Аталган спорт мектебинин эски имараты жери менен Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансына алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана Кочкор райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби менен иш алып баруу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
5.Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р.Жолдошбеков |